Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан, кар жаайт

23-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

20-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 14…16° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG