Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ташиев Кыргызстанга келди, милицияда сурак берип чыкты

Камчыбек Ташиев. Архив коллаж сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архив коллаж сүрөт.

Бир ай мурда кызматынан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен, андан кийин бир топ тарапташтары да иштен алынган жана айрым мыйзамсыз иштерге байланыштуу аты аталып жаткан Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекте экени белгилүү болду. ИИМ ал сурак берип жатканын ырастаган.

Эки иш боюнча сурак

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы белгилүү болгон.

Маалыматты саат эртең мененки 10:30 чамасында мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастаган.

Саат 15:00гө жакын ал сурактан чыкты. Имараттын жанында чогулуп турган журналисттерде Ташиевге суроо узатууга мүмкүнчүлүк болгон жок, анткени ал дароо машинеге отуруп, жөнөп кетти.

ИИМ атайын кызматтын мурдагы башчысы эмнеге чакырылганы, кандай аракет көрүлгөнү тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Кабарларга караганда, ал тергөөгө маалыматты таратпоо жөнүндө тил кат берди.

Камчыбек Ташиев сурактан чыгып бараткан учур
Камчыбек Ташиев сурактан чыгып бараткан учур

Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатканы, бири "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга, экинчиси "75 кишинин кайрылуусу" деген маселеге байланышту экени кабарланган эле.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди ээлеген кызматтарынан бошоткон. Ошол учурда Германияда дарыланып жатканы айтылган Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда Ташиев Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кеткен. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган эмес. Андан бери такыр үн ката элек.

Ташиевдин кызматтан кетиши менен Кыргызстандын саясий турмушунда өтө көп окуялар орун алууда.

Тагыраагы, акыркы бир айда атайын кызматтын мурдагы төрагасына жакын депутаттар биринин артынан бири мандатын тапшырып, министрлер, мэрлер жумуштан кетти. Алардын арасында иниси Шаирбек Ташиев, жакын үзөңгүлөшү Жеңишбек Токторбаев да бар.

Бишкек шаардык милициясынын имараты. 2026-жылдын 19-марты.
Бишкек шаардык милициясынын имараты. 2026-жылдын 19-марты.

УКМКдагы Камчыбек Ташиевдин ишенген кадрлары жумуштан алынып, айрымдары камалды. Коопсуздук комитетинин жаңы жетекчилиги бул органдын катарында мыйзамсыз иш кылган кадрлар болгонун ачык айтып, иликтөө жүрүп жатканын билдирүүдө.

Ошол эле учурда Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда бизнеске негизсиз басым күчөп, мүлктү тартып алганы боюнча даттанган ишкерлер да чыгууда.

Соңку күндөрү Камчыбек Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындарына байланыштуу маалыматтар утур чыгып, Ички иштер министрлиги кылмыш ишин да козгоду.

Ал эми Салык кызматы “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык схемалар деген иликтөө жарыялап, аны УКМКнын экс-төрагасына жана туугандарына байланыштырды. Салык мекемеси ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирди. Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке какты.

Эки күн мурда “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка алынып жатканы тууралуу маалымат тарап, бирок ИИМ аны четке каккан эле.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Ташиевдин кайтып келиши дал ошол жагдайга байланыштуу да болушу мүмкүн деген пикирлер боюнча төмөнкүдөй оюн айтты:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Бүгүнкү жаңылык бир аз таңкалыштуу, кооптондурган маселе болуп жатат эртең эл көчөгө чыгып, топтолгондо (Орозо айт, Нооруз майрамдарына байланыштуу – ред.) мобилизация болуп кетпейби деген. Бирок, менимче, негизги себеби – түздөн-түз өзүнүн үй-бүлөсүнө байланыштуу “суракка алынды, алынбады” деп тараган сөздөн улам келди болуш керек. Камчыбек Ташиевдин келиши ИИМ үчүн, тергеп жаткан мекемелер үчүн сюрприз болгон жок, сүйлөшүлгөн болушу керек. “Кыргызнефтегаз” болобу, Жалал-Абаддагы же Оштогу кайсы бир аракеттер жөнүндө же 75 кишинин каты болобу, баары конституциялык туруктуулук, мамлекеттин бүтүндүгү жана ири өлчөмдөгү экономикалык ишке байланыштуу олуттуу маселелер. Анын баары боюнча азырынча шек деген гана маалымат бар, далилденди деген кабар жок сырттан караган кишиге. Бирок Фейсбукка бир аз болсо да жагымсыз сөз жазган кишилер деле камалып жаткан чакта, албетте, эгер Камчыбек Ташиев камакка алынбаса коом ичинде таң калуу жаратса керек. Ал эми камакка алынса, анда, бул чоң саясий чагылган сыяктуу опурталдуу маселе болушу мүмкүн. Эл арасында суроо жаратары шексиз, бирок бийликтин, коопсуздук органдарынын баамына жараша, камалбай калышы да ыктымал”.

Жороев соңку окуялар келерки жылы өтө турган президенттик шайлоо алдындагы аракет деген сөз тарап жатканына байланыштуу да оюн айтып:

“Экөө тең бирдей конкуренттүү түрдө ачык шайлоого барышы мүмкүн эмес болчу. Аны элестетүү кыйын болчу. Биздин саясий коньюктурада андай болушу дээрлик мүмкүн эмес эле. Же Ташиев, же Жапаров барышы керек эле. Ошондой эки гана вариант мүмкүн болгон жерде, албетте, президенттин ыйгарым укугу жана саясий мүмкүнчүлүгүнө жараша азыркы болуп жаткан иш күтүлгөндөй. Эгер муну күтпөгөн болсо, Ташиевге таң калып гана койсо болот кантип мындайды күтпөгөнү үчүн...”, - деп белгиледи.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Ташиев маселеси тергөөдөгү көрсөтмөлөргө жана топтолгон далилдерге жараша болорун айтууда:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Саясий жагынан алганда Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга келбей, сыртта жүрө бериши ушул күнгө чейин топтогон саясий капиталынын баркы кетип, саясаттагы рейтинги түшүп кетмеги болмок. Ташиев ушуну түшүнөт деп ойлойм. Анын кол астында иштеген бир топ адам камалып, айыбы дагы угузулду. Бирок алардын күнөөсү кантип аныкталат, далилдер барбы, алар кандай көрсөтмө берди? Бул жагы бизге белгисиз. Ташиевдин кийинки тагдыры кандай болот, ал кармалган жакындарынын көрсөтмөсүнө жана топтолгон далилдерге жараша болот".

Сооронкулова Ташиевдин жанындагыларга карата козголгон кылмыш иши жана тергөө боюнча маалыматтар ачык берилип турушу маанилүү деген пикирде. Ал териштирүү Ташиевдин күнөөсүн далилдесе бийлик саясий чечимге барбай, мыйзам үстөмдүгүн карманышы керек деген оюн айтты.

Журналист жана активист Адил Турдукулов Камчыбек Ташиевге “Кыргызнефтегаз” ишканасынан сырткары суроо коюла турган маселелер көп деген пикирде.

Ал кызматта турганда улуттук коопсуздук тармагына эле эмес, экономикалык процесстерге да аралашканын эске салган Турдукулов укук тартибин коргоо органдарынын териштирүүсү аркылуу анын кандайдыр бир саясий аракеттерге баруусун чектөө амалы болушу мүмкүн деген да оюн билдирди:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Ал Кыргызстанга өз эрки менен эле келди окшойт. Анткени андан көп таасирдүү эмес кишилерди чет өлкөдөн алып келүүдө түйшүк болгон. Ташиевде акчасы да бар, саясий бедели да күчтүү. Ошондуктан келгиси келбесе, экстрадиция кылдыра албаган өлкөдө баш калкаламак. Өз эрки менен келгени саясатчы экенин жана башка жакта саясий карьерасын улантууну, жашоону көрө албаганын көрсөтөт. Ошондой эле анын тарапташтарынын колдоп жатканынын белгиси десек болот. Бийлик коопсуздукту сактаганга аракет кылып жатат. Бизде ачык саясат, эмне болуп кетери да бүдөмүк. Ташиев дасыккан саясатчы жана ал саясий жолун абакта болобу же сыртта болобу, улантар. Абакка кирсе саясий процесстерди тездетип, радикалдаштырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан бийлик да этият мамиле кылып, мамлекетти эки жаат кылбай компромисстик жолдо, укуктук негизде иш жүргүзсө туура болот”.

"Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупция, Ташиевдерди айыптоо

Дал ушул иш боюнча ИИМ "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектүүлөр кармалганын 18-мартта кабарлаган. Министрликтин маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ага тиешеси бар адамдар аныкталды.

Кылмышка шектелип "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1993-жылы туулган Н.Н., анын мурдагы орун басары, 1980-жылы туулган А.Р., ишканага байланышы бар компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. жана ошол ишкананын мурдагы директору, 1990-жылы туулган М.Б. кармалды. Шектүүлөр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылып жатканын билдирди.

ИИМдин маалыматындагы адамдардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишановун атына дал келет. Кармалгандардын жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

18-мартта Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Кыргызнефтегаз" ишканасы өндүргөн күйүүчү май буга чейин жергиликтүү компанияларга мажбурлоо жолу менен сатылып келгенин билдирди.

Орунбековдун Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, "Кыргызнефтегаз" ишканасы 2021-жылдан бери туунду ишканасы “Кыргыз Петролеум Компани” менен чогуу Камчыбек Ташиевдин таасиринде болгон. Ишканага Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетекчи болуп дайындалган.

Орунбеков Мамлекеттик салык кызматы ошол маалда коррупциялык схема түзүлүп, ири каржылык чыгымдар болгонун иликтеп таап, айтып чыкканын белгилеген.

Ташиевдердин жакындары уулу Тай-Мурастын кыска төгүндөөсүн эске албаганда бул дооматтарга жооп бере элек.

75 кишинин кайрылуусу

2020-жылдан бери расмий документ менен бекитилбесе да кыргыз бийлигинде тандем саналган президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы пикир келишпестик өткөн айдын башында "75 кишинин каты" деген кайрылуудан соң ачыкка чыккан.

Тагыраагы, 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

Жапаров Ташиевди кызматтан бошоткондон кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Дал ушул кайрылуудан соң Жапаров Ташиевди кызматтан алып, парламентте тымызын оюн уюштуруу аракети болгонун бийлик өкүлдөрү ачык айта баштады. Парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз депутаттын мандаттан баш тартышы да дал ушул ишке байланышы бар экени саясий чөйрөдө айтылып келет.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан бери экөөнүн мамилеси, акыркы саясий чечимдер, атайын кызматты реформа кылуу боюнча бир нече жолу маек берди. Мамлекет башчы буга чейинки маектеринде Камчыбек Ташиевди “досум” деп экөө мындан ары да дос бойдон каларын айтса, 26-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кыска комментарийинде:

“Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат. Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет”, - деп билдирген.

Андан бери ушул окуялар боюнча үн катпай турган Камчыбек Ташиевдин бул окуяларга байланыштуу комментарийи кандай болору коомчулукта кызыгуу жаратып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG