Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

ИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирди

Камчыбек Ташиев. Архив.
Камчыбек Ташиев. Архив.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат.

Бул тууралуу ИИМден "Азаттыкка" ырасташты.

Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири - "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.

УКМКнын экс-төрагасы Кыргызстанга келгенин Ташиевдин тарапкерлери да "Азаттыкка" тастыкташты.

Ал Кыргызстандан 17-февралда чыгып кеткен.

10-февралда президент Садыр Жапаров Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ошол учурда Германияда дарыланууда жүргөн Ташиев өзүнүн кызматтан бошотулуусу өтө күтүүсүз болгонун айткан. (KE/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG