Анын иштен кетиши “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголгон учурга туш келгени бир нече суроолорду жаратты.
Мелис Тургунбаев кезинде аталган акционердик коомдун жетекчиси болуп иштеген жана атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакыны экени кабарланган.
Кызматтан кетүү кезеги
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетип жатканы тууралуу маалымат 17-марттын кечинде чыкты. 18-мартта анын арызы Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн төрага Марлен Маматалиев жар салды.
Бул жөнүндө тармактык комитет чечим кабыл алган соң президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев мамлекет башчынын сунуштамасын окуду:
“Кыргыз Республикасынын президентинин сунушу: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеште чечим кабыл алуу үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу Улуттук банктын төрагасы Тургунбаев Мелис Жусупжановичтин жеке арызын жиберем. Урматтоо менен Садыр Нургожоевич Жапаров”.
Мындан соң парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Мелис Тургунбаевди өз арызынын негизинде кызматтан алуу чечимин окуп, депутаттар көпчүлүк добуш менен колдоп беришти.
Мунун артынан эле Улуттук банктын төрагалыгына буга чейин финансы министри болуп келген Алмаз Бакетаевдин талапкерлиги сунушталып, жактырылды. Бакетаевдин ордуна Руслан Сүйүналиев сунушталып, колдоо тапты. Улуттук банктын жаңы төрагасына эч кандай суроо берилген жок.
“Рахмат, урматтуу депутаттар”, – деп чектелди соңунда Улуттук банктын жаңы төрагасы Алмаз Бакетаев.
Улуттук банктын жаңы төрагасы Алмаз Бакетаев Кыргыз техникалык университетин жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Бир нече жыл Финансы министрлигинде, облустук, райондук, шаардык каржы башкармалыктарында ар кайсы кызматтарда эмгектенген. 2018-2020-жылдары Бишкектин вице-мэри, 2021-жылы экономика жана финансы министринин орун басары болуп, ошол эле жылы финансы министри кызматына келген эле.
Улуттук банктагы бир жарым жыл
Кызматтан кеткен Мелис Тургунбаев Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алып, кийин Жапонияда жана Улуу Британияда кошумча окуган. Финансы министрлигинде иш баштап, кийин “Газпром нефть Азия” жана “Газпром Кыргызстан” компанияларында иштеген.
2013-2020-жылдары мамлекеттик “Кыргызнефтегаз” ишканасынын Директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы болуп, 2020-2021-жылдары Башкармалыктын төрагалыгын аркалаган. Бир жылча чет жакта окуп, бир жылча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында иштеди. 2024-жылдын июнь айынан бери Улуттук банктын төрагасы болуп келаткан.
Анын бул аралыктагы ишине адистерде баа бир кылка эмес. Айрымдар Тургунбаевдин тушунда Улуттук банкта акыркы жылдары көбөйүп келаткан алтындын резерви дагы өскөнүн айтышса, кээ бирлери бир нече кыргыз банкы Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкенин белгилешет. Ал ишиндеги кемчиликтер үчүн президенттен бир нече ирет сөгүш да алган.
Экономика жана финансы маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев мындай дейт:
“Менимче, Улуттук банкта “демилге көтөргөн киши өзү жазасын тартат” деген принцип иштесе керек. Эч нерсе жасабаса, эч нерсе кылбаса, ал айлык алып олтура берген жакшы төрага деген пикирде калышса керек. [...] Мисалы, Кыргызстандын өндүрүшүндө узак мөөнөттүү арзан насыялар өтө аз. Ал эми Улуттук банктын колунда арзан жана узак мөөнөттүү насыяларды берүүгө, кыргыз өндүрүшүн колдоо инструменттерин түзгөнгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок 30 жылдан бери Улуттук банктын бир дагы төрагасы ушундай иштерди жасаган жок. [...] Азыркы күндө Улуттук банкка кандай киши келбесин, керек болсо көчөдөн алып келип коюп койсо деле айлыгын иштей берет. Бул система консервативдүү система, ал өз нугуна коюлуп калган. Улуттук банк азыр бир эле максатты коюп иштеп жатышат – улуттук валютанын гана туруктуулугун кармоо. Бирок бүгүнкү күндө улуттук экономиканы колдоого мүмкүнчүлүгү бар, алар колдонулбай калууда”.
“Кыргызнефтегаздагы” иштин баяны
Тургунбаев өзү иштен кетүү себебин түшүндүрө элек. Айрым басылмалар ал бир ай мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынган Камчыбек Ташиевдин жакыны экенин жазып, Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетишин соңку кадрдык алмаштыруулардын уландысы катары чечмелешүүдө.
Кээ бир сайттар болсо муну Мелис Тургунбаев мурда жетектеп кеткен “Кыргызнефтегаз” ишканасы жөнүндө Салык кызматы чыгарган иликтөөгө такап жатышат.
Эки күн мурда чыккан материалда 2021-2025-жылдары “Кыргызнефтегаздагы” ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд сомдон ашык зыян тартканы айтылган.
Иликтөө чыгары менен Ички иштер министрлиги “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады. Он чакты киши суралып, төрт киши кармалды.
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков "Азаттыкка" курган маегинде буларга токтолду:
“Менимче, Ташиевге, анын туугандарына, жакындарына, орун басарларына жана башкаларга каршы жүрүп жаткан маалыматтык өнөктүк терең стратегиясыз эле кетип баратат. Башкача айтканда, кылычты чапкандан кийин чечим кабыл алышууда. [...] Ташиев тарапка топ тебилди. Маалыматтык талаада президент тараптан бардык нерселер жасалды. Салык кызматы чыгарган иликтөө мына ошого эле коюлган чоң чекит. [...] Бул иликтөө чыккан соң Мелис Тургунбаев да баары бир кызматтан кетмек. Албетте, бул нерселердин бири-бири менен байланышы бар. Фигурант катарыбы, күбө катарыбы, же жөн эле маалымат үчүн болсо да ал бул иште баары бир көрсөтмө берет. Көрсөтмөнү Улуттук банктын төрагасы катары бермек эмес да, бул нонсенс. Ошондуктан аны алып туруу чечими кабыл алынды. [...] Негизи саясий тиреш артка кайтпай турган чекке жетти. Азыркы маалда генерал тарап маалыматтык кармашта уттурууда. Эми Ташиев чыгып сүйлөй турган болсо жөн гана актанууга аргасыз болот”.
2021-жылдын ноябрында журналисттер Болот Темиров, Тыныстан Асыпбек жана Сайпидин Султаналиев Temirov Live каналында “Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасы жана ага караштуу “Кыргыз Петролеум Компани” заводундагы коррупциялык фактылар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Бир айдан кийин – декабрда президент Садыр Жапаров ишканага барып, анын жетекчиси Мелис Тургунбаевге мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу тапшырмасын берген.
Temirov Live каналы 2022-жылы жарыялаган башка иликтөөсүндө “Кыргызнефтегаздагы" күмөндүү көрүнүштөр уланып жатканын айтып чыккан.
Болот Темиров кийин башка иштер боюнча эки ирет кармалып, экинчисинде өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Тыныстан Асыпбек менен Сайпидин Султаналиев медианын 11 кызматкери катарында кармалып, кийин бошотулган. Темиров Live редакциясын болсо Kloop.kg басылмасы менен кошо сот экстремисттик деп жарыялаган.
Шерине