Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Спикер Маматалиев иш сапарларга барчуларды депутаттык топтор аныктай турганын айтты

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламент жаңы эреженин алкагында жумуш алып барып жатканын, бул депутаттардын чет өлкөлөргө иш сапарларына дагы тийиштүү экенин 19-марттагы жыйында билдирди. Ал буга чейин иш сапарларга мурдагы төрага өзү тандап алып барса, азыр ар бир депутаттык топ чече турганын айтты.

"Азыр депутаттык топтордун башчылары менен сүйлөшүп, жаңы эреженин алкагында жумушубузду алып барып жатабыз. Бул чет жакка чыга турган биздин иш сапарлар боюнча. Жашырганда эмне, мурда төрага өзүнүн беш-алты баласы менен бара турган болсо азыр толугу менен топтор чечет. Экономика болобу, экология болобу, юридикалык жактан болобу, өздөрү тандап берип жатышат. Бул биздин парламенттин жаңы эрежелеринин бири, адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук, бөлүнүп-жарылууга жол жок деген ураандын биринчи кадамдары десем жаңылышпайм", - деди спикер.

10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгынан алынган. Андан берки убакта бир нече министр, жергиликтүү бийлик башчылары орун басарлары менен чогуу кызматынан алынды, айрымдары камалды. УКМКнын бир нече кызматкери коррупцияга шектелип камалды.

Ташиев кызматтан алынгандан кийин Жогорку Кеңеште да бир топ өзгөрүүлөр болуп, Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна Марлен Маматалиев спикер болуп шайланды. Кийин Тургунбек уулу баштаган бир нече депутат мандатынан баш тартышты. Айрым депутаттык топтордун жана тармактык комитеттердин төрагалары да алмашты.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентте билдирүү жасап, "элди бөлүп-жарган" аракеттер болуп, убагында токтотуп калышканын" айткан. Мамлекет башчы депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырган.

Жогорку Кеңештин азыркы VIII чакырылышында 30 шайлоо округунан келген 90 депутат бар. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG