Балыкчы–Кочкор темир жол курулушунда жардыруу иштери аягына чыкты. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдагандай, долбоорго ылайык, 2024-жылдын июлунан берки убакта жүз жолу жардыруу иши жүргүзүлдү.
Мекеменин басма сөз кызматы жардыруу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлгөнүн, жаныбарлар жана адамдар, имараттар да жабыркабаганын билдирди.
Жардыруу иштери Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушундагы маанилүү этап экени, татаал геологиялык шарттарда мындан ары иштөөгө жеңилдик түзөрү кабарланды.
Аталган жолдун узундугу 63,4 чакырымды түзөт. Темир жолду быйылкы жылдын август айына карата аяктоо пландалган.
Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушу 2022-жылы майда башталган жана 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.(ZKo)
Балыкчы–Кочкор темир жол курулушунда жардыруу иштери аяктады
Дагы караңыз
Шерине