Бишкектин Октябрь райондук сотунун 12-октябрдагы чечими менен "Шумкар" кыймылынын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердиги экстремисттик деп табылды. Маалымат Башкы прокуратуранын сайтында жарыяланды.
Сот чечимине ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Сыргак Кенжебаев, чет өлкөдөгү активисттер Самат Кушбек жана Айдар Раевдин ишмердиги Кыргызстанда террористтик жана/же экстремисттик деп эсептелет.
Башкы прокуратуранын сайтындагы тизмеде булардан тышкары иликтөөчү журналист Болот Темиров, КЛООП медиасынын жетекчиси Ринат Тухватшин да бар.
Президент Садыр Жапаровдун бийлигине оппозициялык "Шумкар" аттуу кыймылды “Кумтөрдүн” мурдагы башчысы, чет өлкөдө жүргөн Теңгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге түзүшкөнүн 12-октябрда чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев жарыялаган. Алар социалдык тармактарда бийликтин аракеттерин сындаган видеолорду жарыялап келишкен.
Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда оппозициялык "Шумкар" кыймылы тууралуу айтып жатып анын мүчөлөрүн "оорулуу адамдар" деп атаган.(ZKo)
Шерине