Президент Садыр Жапаров Армениянын борбору Ереванда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенциясынын COP17 конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Борбор Азиядагы мөңгүлөрдү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча төрт сунуш берди.
Садыр Жапаров тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү үчүн Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү демилгесин көтөрдү. Экинчиден, Бишкекте Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду түзүү сунушу, үчүнчүдөн, тышкы карыздарды жашыл долбоорлорду ишке ашыруу жана токойлор менен мөңгүлөрдү коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштырууну сунуштады. Андан тышкары Борбор Азияда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн, анын ичинде ак илбирсти, Тянь-Шань аюусун жана аркарды коргоого алуу боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү керектигин айтты.
Ошондой эле БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүү демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.
“Бүгүнкү күндө бул баа жеткис табигый суу резервуары катуу климаттык стресске дуушар болууда. Акыркы 170 жыл ичинде суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөдү, ал эми акыркы 5 жылда көлдүн деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жетти. Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана жыл бою агып турат. Ысык-Көлдүн негизги суу булагы болгон Тянь-Шань тоолорунун мөңгүлөрүнүн эриши аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч жаратууда”, - деди ал.
Садыр Жапаров акыркы төрт жылдын ичинде Ысык-Көлдөн 70 тоннага жакын таштанды жана болжол менен 580 миң метр мыйзамсыз салынган синтетикалык балык улоочу торлор чыгарылганын кошумчалады. Президент Ысык-Көл жок болуп кетсе ал жергиликтүү деңгээлдеги гана эмес, бүтүндөй аймак үчүн орду толгус экологиялык көйгөйгө айланарын эскертти.
Мамлекет башчы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүү боюнча жумуштарды баштаганын, өлкө бюджеттен аталган фондго 10 миллион доллар салууга даяр экенин кайталады.
Садыр Жапаров 22-сентябрда да БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүү демилгесин көтөргөн.
Ереванда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 конференциясына БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана бир катар өлкөлөрдүн лидерлери катышууда. (BTo)
Шерине