Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Стамбулда селден кийинки куткаруу жана тазалоо иштери уланууда

Стамбулдун Айазага району. 2026-жылдын 16-октябры.
Стамбулдун Айазага району. 2026-жылдын 16-октябры.

Түркиянын Стамбул шаарында 14-15-октябрдагы катуу жаандан кийинки селден каза болгондордун саны төрткө жеткени кабарланууда. Расмий маалыматка караганда, дагы беш адам дайынсыз болуп жатат, жети киши ооруканада.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл шаар акыркы 84 жылдан бери алгачкы жолу ушундай кырсыкты баштан кечиргенин билдирди. Айрым райондордо жааган жаандын көлөмү 260 миллиметрден ашкан.

Нөшөрдөн улам турак жайларды, ишканаларды, жолдорду жана жер алдындагы өтмөктөрдү суу каптады. Айрым жерлерде электр энергиясы менен суу берүү үзгүлтүккө учурады. Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, сел каптаган аймактардан 2700дөн ашуун адам эвакуацияланган.

Бейкоз районунда мектептин курулуш аянтчасындагы кудуктан сууну сордуруп чыгаруу иштерине катышып жаткан жумушчу Фаик Шентүрк кудукка кулап кетип, каза болгон. Сарыер районундагы Айазага кварталында 34 жаштагы эркек сел суусун кечип өтүп бара жатып мерт болгону кабарланган. Фатих районундагы Балат кварталында 14 жаштагы өспүрүм көлчүккө басып, токко урунуп көз жумган. Дагы бир адам каза болгону кабарланган.

Стамбул агломерациясында 16 миллиондон ашык адам жашайт. Түркиянын Ички иштер министрлиги өлкөнүн башка аймактарында да сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, тургундарды сак болууга чакырды.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG