АКШнын Орегон штатындагы Бенд шаарында башталгыч мектепте 16 жаштагы өспүрүм ок чыгарып, үч окуучу менен бир мугалимдин өмүрү кыйылды. Каза болгон балдардын жашы 5, 8 жана 11де болгон.
Маалыматтарга караганда, кол салган өспүрүм мектептин кулпуланган эшиктерин атып бузуп кирген, ошол учурда имарат ичинде болжол менен 400 окуучу жана 40тай кызматкер болгон.
Кол салуудан улам 7 жаштагы бала жана 54 жаштагы мугалим оор жараат алып, ооруканага жеткирилди. Алардын абалы оор экени айтылууда.
Полициянын маалыматына караганда, кол салган өспүрүмдүн сөөгү мектептин ичинен табылды. CNN жазгандай, окуяга күбө болгон жергиликтүү тургун куралчан өспүрүмдү токтотуп, ал полиция жеткенге чейин эле өлтүрүлгөн.
Тергөөчүлөр кол салуунун себептерин жана өспүрүм куралды кайдан алганын аныктап жатышат.
CNN маалымдагандай, Бенд шаарындагы бул трагедия быйылкы жылдын башынан бери АКШнын мектептеринде ок атылган 36-окуя болуп калды.
Шерине