Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында (январь айынан сентябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 21 миң 138 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырганда 29,8% же 4854 фактыга көп.
Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 30, “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен беш, “Ден соолукка жеңил залал келтирүү” менен 190, “Зордуктоо” менен 48, “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 35 кылмыш иши козголгон.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (BTo)
Шерине