Армениянын борбору Ереванда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 конференциясынын алкагындагы лидерлер саммити башталды. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жаратылышты коргоо жаатындагы адистер катышууда.
Саммитке ошондой эле БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе келген.
Антониу Гутерриш саммиттин алкагында сүйлөп жатып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагынын саясий чечимдерге таасирин атады. Ал өкмөттөрдүн жаратылышты коргоого болгон милдеттенмелерин күчөтүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого бөлүнгөн каражатты көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.
Саммиттин максаты 2030-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушун токтотуу жана жаратылышты калыбына келтирүү боюнча эл аралык аракеттерди күчөтүү болуп эсептелет.
БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 конференциясы Ереванда 19–30-октябрда өтөт. Анын жүрүшүндө өлкөлөр Куньмин–Монреаль глобалдык алкагынын максаттарынын аткарылышын баалап, жаратылышты коргоо боюнча кийинки кадамдарды талкуулашат. (KS)
Шерине