Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Президенттик шайлоо: Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, 4 балл жетпей калганын айтты

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, “ортодон жогору” же B2 деңгээлине жетпей калганын айтты.

Анын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика боюнча 87, окуудан 84 жана сүйлөөдөн 65 балл алган. Жазуудан 56 упай топтоп, 4 балл жетпей калган. Талап боюнча B2 деңгээлин алыш үчүн ар бир тесттен кеминде 60тан балл топтош керек.

“B2 деңгээлине жетүү өтө оор. Аны алыш үчүн филология илимдеринин доктору же талапкери болушуң керек. Болбосо кесибиң кыргыз тилине байланыштуу болуп, күн сайын жазып, адабий тилде көркөм сүйлөшүң зарыл. Биз юрист, саясатчы болгондон кийин жөнөкөй тил менен сүйлөп жүрөбүз да. Жазуу практикабыз аз”, - деди ал.

Өмүрбек Суваналиев кайрадан тест тапшырар-тапшырбасын чече электигин кошумчалады. Ал 24-сентябрда “Азаттыкка” курган маегинде учурдагы президент Садыр Жапаровго атаандаш болчу талапкер чыгышы керек деп эсептей турганын, бул жаатта оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кыларын айткан.

66 жаштагы Өмүрбек Суваналиев буга чейин ички иштер министри кызматын, Нарын, Талас облустарынын губернаторлугун аркалаган. Соңку жылдары учурдагы бийликке сын айткан саясатчылардын бири катары белгилүү.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.

Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG