Евробиримдик Орусия жарандарынын Шенген аймагына зарыл эмес сапарларына толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Европа боюнча баяндамачысы Рикард Йозвяк билдирди.
Редакциянын колуна тийген Евробиримдиктин документинде айрым өлкөлөрдүн жарандарына зарыл эмес сапарлар үчүн виза берүүгө тыюу салуу келечекте эң натыйжалуу чечим болушу мүмкүн экени айтылат. Бул үчүн ЕБнин Виза кодексине өзгөртүү киргизилиши керек. Мындай чечимди Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн кеминде 55 пайызы колдогондо кабыл алууга болот.
Бул маселе шаркетке мүчө мамлекеттердин бийлиги туристтик визалар менен же дипломатиялык макамды пайдаланып келген орусиялыктар гибриддик операцияларга катышышы мүмкүн деген кооптонуусунан улам көтөрүлүүдө. Мисалы, Германиянын бийлиги август айында Лейпциг аэропортундагы дронго байланышкан окуяны уюштурууга шектүү Орусия менен Беларустун жараны экенин билдирген. Ал Евробиримдикке Италия берген туристтик виза менен кирген.
Ошол эле учурда орусиялыктарга толук визалык тыюу салуу боюнча бирдиктүү позиция азырынча жок. Түштүк Европанын айрым өлкөлөрү туристтик сапарларды жана Орусиянын жарандары менен башка байланыштарды токтотууга каршы болуп жатат.
2025-жылы Орусия жарандарына 477 878 туристтик виза берилген. Бул Орусия Украинага каршы согуш ачкандан берки эң жогорку көрсөткүч болгон. Визалардын көбүн Грекия, Италия, Франция жана Испания берген.
Азырынча Евробиримдик толук тыюу тууралуу чечим кабыл алынганга чейин үч чараны карап жатат.
Биринчиси, Украинадагы согушка катышкан орусиялыктардын кирүүсүн чектөө. Ага ылайык, консулдуктар виза сураган адамдардан аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу документтерди талап кылышы мүмкүн.
Экинчиси, орусиялыктарга чектелген LTV визаларын берүү. Мындай визанын ээси аны берген өлкөгө гана бара алат жана Шенген аймагынын башка өлкөлөрүндө эркин жүрүү укугуна ээ болбойт. Германия бул вариантты колдойт. Бирок Евробиримдиктин документтеринде ички чек араларда туруктуу көзөмөл жок болгондуктан, мындай чектөөлөр натыйжа бербей турганы белгиленген.
Үчүнчү чара орусиялык дипломаттарга жана консулдук кызматкерлерге байланыштуу. Учурда алар Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы сапарлары тууралуу кабарлап гана коюшат. Жаңы сунуш боюнча мындай сапарлар үчүн кабыл алуучу өлкөнүн алдын ала уруксатын алуу милдеттүү болушу мүмкүн. Ошондой эле дипломаттардын аккредитация өткөн өлкөдө болуу мөөнөтүн чектөө маселеси да талкууланууда.
Орусия Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш ачкан 2022-жылы Евробиримдик Москва менен визалык режимди жөнөкөйлөтүү тууралуу келишимди токтоткон. Ошол эле маалда Брюссел гуманитардык сапарларга артыкчылык берүүнү сунуштап келет. Алардын катарына жарандык коом өкүлдөрү, көз карандысыз журналисттер жана үй-бүлөсүнө бараткандар кирет.
Жаңы чектөөлөр боюнча акыркы чечимдер азырынча кабыл алына элек. Евробиримдиктин визалык эрежелери 2026-жылдын аягына чейин толук каралышы ыктымал.
Шерине