Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Экс-депутат Шайлообек Атазов соттон акталганын билдирди

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов “массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган” деген негизди козголгон кылмыш иши боюнча 14-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталганын билдирди. Анын маалыматына караганда, судья мурдагы депутаттын аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле Казакстандын эки жаранына (К.Н.К. жана У.у.Э. Булардын биринин Кыргызстандын да жарандыгы бар) “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга кесип, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Эрмек Эрматовго коюлган кине Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми Кубанычбек Кадыров толук акталган.

Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Сот анын кыргыз жарандыгы бар экенин, буга чейин Аламүдүн райондук сотунда “Алдамчылык” беренеси боюнча соттолгонун белгилеп, жалпы сегиз жылга эркиндигинен ажыраткан. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортация кылуу чечими кабыл алынган.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган, Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган.

Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG