Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:22

Масалиев ИИМ Мадумаровдун 150 миң долларын кайтарып бергенин айтты

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаровдун 2025-жылы ноябрда үйү тинтилген учурда алынган 150 миң доллары кайра кайтарылды. Бул тууралуу парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Милиция кызматкерлери чакырып “биз ката кетириптирбиз” деп акчагы толук кайтарып берди. Бул ишке анын (ред: Адахан Мадумаров) эч кандай тиешеси жок”, - деди ал.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.


Былтыр декабарь айында Фейсбукта “Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген топ жана Мадумаровго байланышкан тинтүү” деген аталыштагы үч мүнөткө чукул видео тараган. Анда милиция кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүдө саясатчынын сумкасынан 150 миң доллар табылганы айтылган. Тасмада “Мадумаров акчаны жакын арада уулун үйлөнтүп, той өткөрүп, андан кийин үй алып берүү максатында чогултуп жатканын айтканы”, бирок “кийин суракта каражаттын булагын көрсөтүп бере албаганы” белгиленген.

Ошол кезде Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери 150 миң долларды далил зат катары алып кеткенин билдирген. Оппозициялык саясатчы 2025-жылы ноябрда ИИМде суракта болгон. Ал күбө катары суралганын жана өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар менен байланышы жок экенин айткан.

ИИМ Адахан Мадумаровдун акчасы кайтарылганы тууралуу маалымат бере элек.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга кесип, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Эрмек Эрматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми экс-депутат Кубанычбек Кадыров толук акталган.

Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Сот анын кыргыз жарандыгы бар экенин, буга чейин Аламүдүн райондук сотунда “Алдамчылык” беренеси боюнча соттолгонун белгилеп, жалпы сегиз жыл жаза берген. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортация кылуу чечими кабыл алынган.

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев өкүмдү саясий ишмердиги менен байланыштырышты.

Ушул эле иш боюнча кармалып, кийин эркиндикке чыккан Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG