АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17-22-октябрь күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу 13-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.
Самаркандда Рубио АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгына арналган «С5+1» форматындагы жыйынга катышат. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери чакырылган.
Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, жолугушууда аймактагы тынчтыкты жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланат.
Рубио ошондой эле беш өлкөнүн башкы дипломаттары менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
АКШнын мамлекеттик катчысы менен кошо Өзбекстанга америкалык ири компаниялардын 200дөн ашуун жетекчиси барат. Вашингтон бул сапар эки тараптын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп күтүп жатат.
Рубионун Өзбекстанга сапары сентябрдын соңунда белгилүү болгон.
Самарканддагы жолугушуулардан кийин Рубио Индиянын Мумбай жана Жамнагар шаарларына барат. Ал жакта Индиянын бийлик өкүлдөрү менен энергетика, соода жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген «С5+1» форматы 2015-жылдан бери иштеп келет. Анын алкагында тараптар коопсуздук, экономика жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Шерине