Бийлик сөз болгон социалдык тармактарды бөгөттөө тууралуу маалыматты четке какканы менен айрым сынчылар маселени мектептерде хижаб кийүүнү чектөөгө каршы нааразылыкка байланыштырышат.
Бир нече күн мурун социалдык тармактарда хижабчан окуучу кыздарга класстарга кирүүгө тыюу салынган видеолор тарады.
Баку шаарынын тургуну Гулмира Асланова аны мектеп жетекчилиги сүйлөшүүгө чакырганын, жаңы эрежеге ылайык кызы сабактарга хижабсыз келүүгө тийиш деп эскертишкенин "Азаттык" радиосуна айтып берди:
"Мен аларга "Конституциянын 48-беренеси дин тутуу укугубузду камсыздарын, 34-беренеси ата-энелерге баласын өзүнүн диний көз караштарына жараша тарбиялай алат" деп айтылганын эске салдым. Ал эми баланы сабактардан четтетүү менен баш мыйзамдын дагы бир беренесин бузушканын айттым".
Асланова кызын мектепке киргизбей коюшса, сотко чейин барарын эскертти.
"Азаттыктын" азери кызматынын кабарчылары Жалилабад калаасындагы бир катар ата-эне менен маектешкенде алар да хижабчан кыздарын окуу жайга кое беришпегенин айтып беришти. Бирок мектеп жетекчилигинен, Билим берүү министрлигинен же регионалдык бөлүмдөрдөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Азербайжандын Министрлер кабинети 21-сентябрда окуу жайлардагы дресс-код тууралуу токтом кабыл алган. Бирок анда хижаб жөнүндө өзүнчө айтылбастан, окуучулар менен мугалимдердин кийим-кечеси секулярдык билим берүүгө дал келиши керектиги белгиленген.
Буга чейин парламенттин Илим жана билим берүү комитетинин мүчөсү Элнара Акимова хижаб кийүүгө чектөөнү тыюу катары эмес, алдын алуу чарасы катары кабыл алуу керектигин айткан:
"Кеп чоңдор эмес, жеткинчектер тууралуу жүрүүдө. Көз караштары, тандоолору жана чечимдеринин калыптануусуна көп убакытта ата-энеси, айланадагы чөйрө таасир этет. Андыктан диний символду, анын ичинде хижабды мектеп курагында кийүүнү "жеке тандоо" эмес, таңууланган жүрүм-турум деп бааласа болот".
Депутат секулярдык коомдо мамлекеттик окуу жайларында диний символго тыюу салуу кеңири жайылган дүйнөлүк тажрыйба экенин белгиледи.
2010-жылы хижабга тыюу салуу нааразылыкка туш болуп, кийин жокко чыгарылган. Нардаран айылында жана башкалаа Бакуда полиция каршылык акциясына чыккандарды кармап, кээ бирлери абакка кесилген.
Азербайжан секулярдык мамлекет, калктын 90% мусулмандар.
Жаңы окуу жылы башталып, миллиондогон окуучу жана студент билим берүү мекемелерине кайткан маалда Борбор Азияда да хижаб маселеси кайрадан кызуу талкууга түштү.
Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда мамлекеттик мектептерде жана айрым мамлекеттик мекемелерде хижабчан жүрүүгө уруксат берилбегени бул талашты жыл сайын курчутуп келет.
Шерине