АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио октябрдын ортосунда Өзбекстанга барат. Аны 100дөн көп алдыңкы компаниянын өкүлдөрү коштоп барарын, мамкатчы Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башкы дипломаттары менен кездешерин АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор билдирди.
Маалыматка караганда, Рубионун Самарканд шаарына сапары анын регионго бул кызматтагы алгачкы визити болуп калмакчы. Өткөн жылы ал быйыл аймактагы бардык беш өлкөгө барууну убада кылган.
Рубио C5+1 форматындагы жолугушууга катышмакчы. Гор жыйынга Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан тышкы иштер министрлери барарын кошумчалады.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө регионалдык экономикалык байланыштар, энергетикалык коопсуздук жана орток кызыкчылыктагы аймактык кызматташтык талкууланат.
Рубио ошондой эле Өзбекстандын жетекчилери жана башка регионалдык лидерлер менен соода, инвестициялар жана экономикалык модернизациялоону сөз кылат деп күтүлүүдө.
C5+1 форматы 2015-жылы АКШ менен Борбор Азиянын беш мамлекетинин ортосундагы көп тараптуу кызматташуу механизми катары түзүлгөн. Алгач тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде иштеген формат 2023-жылы мамлекет башчыларынын деңгээлине көтөрүлгөн.
Шерине