Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Орусияда ири дрон чабуулунун бир адам каза болду

Пермь облусу дрон чабуулунан кийин. Тасманын ээси - Exilenova+ .
Пермь облусу дрон чабуулунан кийин. Тасманын ээси - Exilenova+ .

25-сентябрга караган түнү Украинанын дрондору Орусиянын бир катар аймактарына жапырт чабуул жасады. Расмий маалыматтарга ылайык, чабуулдардын кесепетинен кеминде бир адам каза болуп, дагы 21 киши жараат алды.

Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махонин аймакта 29 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, дрондун сыныгынан бир адам каза болгон. Ошондой эле өнөр жай объектисине сокку урулганын маалымдаган, бирок анын атын атаган эмес. Astra Telegram-каналы чабуул “Лукойл-Пермнефтеоргсинтез” мунай иштетүүчү заводуна жасалганын жазды.

Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских дрон чабуулунан сегиз адам жабыркаганын, алардын арасында бир бала бар экенин билдирди. Astra жана башка булактар Ульяновскидеги байланыш, эсептөө техникасы жана радиоэлектрондук аппараттар үчүн тетиктерди чыгарган “Искра” илимий-өндүрүштүк ишканасы жабыркаганын маалымдашты. Supernova+ агенттиги чабуулдун буталарынын бири Ozon маркетплейсинин кампасы болгонун жазды.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев 13 адам жабыркаганын, алардын арасында алты жаштагы бала бар экенин кабарлады. Эки киши жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын маалыматына ылайык, облустун аймагында 88 дрон атып түшүрүлгөн. Чабуулдан турак үйлөр, автоунаалар жана өндүрүш объектилери жабыркаган. Маалымат булактарынын билдиришинче, бутага “Воронежсинтезкаучук” ишканасы да алынган.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймакта болжол менен 50 дрон жок кылынганын билдирди. Чабуулдун натыйжасында Новошахтинск мунай заводу жабыркап, ишин убактылуу токтоткон. Жабыркагандар катталган эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги 24-сентябрдын саат 20:00үнөн 25-сентябрдын саат 08:00үнө чейин өлкөнүн бир катар аймактарынын үстүнөн жалпысынан 592 украиналык дрон кармалып, жок кылынганын билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн болгон жок.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG