2022-жылы 16-17-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда окко учкан аскер кызматкери Бектур Ыслам уулунун аты Ош шаарындагы №68 орто мектепке ыйгарылды.
Буга байланыштуу 25-сентябрь күнү аталган мектепте эскерүү иш-чарасы өтүп, ага Ош шаардык аскер комиссариатынан өкүлдөр, 2022-жылкы чек ара жаңжалынын ардагерлери, маркумдун бир полкто чогуу кызмат өтөгөн жолдоштору катышты.
Бектур Ыслам уулу 1991-жылы туулган. Баткендеги 2001-аскер бөлүгүнүн "Лейлек автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетинде прапорщик улук көзөмөлдөөчү болуп иштеген. 2022-жылы 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза тапкан.
Бектурдун артында эки баласы, кош бойлуу келинчеги калган.
Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.
2021-жылы апрель айында чек арада атышуу болуп, 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырым. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталган. Былтыр март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек араны толук тактаган макулдашууга кол коюшкан. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. (ZKo)
Шерине