Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

"Машыгуу учурунда 14 аскер каза болду". Казакстан аза күтүүдө

Каспий деңизиндеги «Хазар калканы-2026» окуу-машыгуусу. 2026-жылдын 21-сентябры.
Каспий деңизиндеги «Хазар калканы-2026» окуу-машыгуусу. 2026-жылдын 21-сентябры.

Казакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында шамалдын күчөшүнөн 14 аскер кызматкери сууга чөгүп каза болду. 25-сентябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бардык маданий, оюн-зоок иш-чаралары токтотулду.  

Казакстанда Каспий деңизиндеги машыгууда каза болгон аскерлердин саны 25-сентябрда 14кө жетип, издөө-куткаруу иштери токтотулду.

24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлиги Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге чөгүп кеткенин билдирген. Кийинчерээк чөгүп кеткендер 17 адам экени такталып, алардын 12си каза болгону, үчөөнү куткарып калууга үлгүрүшкөнү, экөө изделип жатканы кабарланган.

Каза тапкан 12 аскер кызматкеринин ысымы жарыяланган. Алардын көбү мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган катардагы жоокерлер, ошондой эле ага лейтенант жана матростор болгон. Басымдуу бөлүгү 19-20 жаштагы жоокерлер экени маалымдалды:

  • Олжас Мухтарулы, ага лейтенант;
  • Сержан Аяпберген, матрос, катардагы жоокер;
  • Өмүрбек Өмүрзак, матрос, катардагы жоокер;
  • Алмас Көбенов, матрос, катардагы жоокер;
  • Акылбек Төлеген, матрос, катардагы жоокер;
  • Жеңиш Темиргалиев, матрос, катардагы жоокер;
  • Майрамбек Бердиханов, матрос, катардагы жоокер;
  • Асет Жаңабай, матрос, катардагы жоокер;
  • Азамат Мадихан, матрос, катардагы жоокер;
  • Дастан Бегей, матрос, катардагы жоокер;
  • Акжайык Гилаж, матрос, катардагы жоокер;
  • Олжас Диханбаев, матрос, катардагы жоокер.

Ал эми 25-сентябрда түшкө жуук дайынсыз болуп, изделип жаткандардын да сөөгү табылганы жарыяланды. Издөө иштери түнү бою уланган.

«Бүгүн, 25-сентябрда, саат 09:15 чамасында үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө буга чейин дайынсыз болуп жаткан эки аскер кызматкеринин – сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбекулунун сөөгү табылды», – деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.

Өмүрү жалп өчкөн жигиттердин айрымдарынын аскерди бүтөрүнө саналуу гана күн калган экен. Кээ бирлеринин тою да белгиленип калганы айтылды.

24-сентябрда Каспий деңизиндеги аскер-деңиз машыгуусу учурунда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу шамалдан улам аскер кызматкерлери деңизге чөгүп кеткен.

Куткарылган үч аскердин бирөө оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланган. Учурда дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдиришүүдө.

Издөө-куткаруу жумуштарына аскер-деңиз күчтөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, авиация жана башка кызматтар тартылды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев машыгуу учурунда каза тапкан аскерлердин туугандарына көңүл айтып, өкмөттүк комиссияга кырсыктын чоо-жайын иликтөөнү жана аскерлердин жакындарына көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Муну менен катар Казакстанда 25-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялады.

Аскер-деңиз күчтөрүнүн кол башчысы Канат Ниязов кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголгонун айтып, каза тапкан жоокерлердин туугандарына зарыл болгон колдоо көрсөтүлө турганын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ниязов кемеде жалпы 17 адам болгонун, алар сууга түшөрү менен толкун көтөрүлүп, чөгүп кетишкенин айтты.

Окуу-машыгууну өткөрүүнүн алдында эмнеге аба ырайы эске алынбаганы тууралуу суроого ал:

«Азыркы учурда кылмыш иши козголду, тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», – деп жооп берди.

Ниязовдун айтымында, жоокерлер Маңгыстоо жана Батыш Казакстан облустарынан, ошондой эле Орол шаарынан аскерге чакырылган жигиттер болгон.

Казакстан. Каспий деңизинин жээгиндеги машыгуу. Архив сүрөт.
Казакстан. Каспий деңизинин жээгиндеги машыгуу. Архив сүрөт.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Актау гарнизонундагы машыгуу учурунда аскерлердин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Иш «Кызматка шалаакы мамиле кылуу» (453-берене, 2-бөлүк) жана «Кемелерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу» (465-берене) беренелери боюнча тергелип жатканы белгилүү болду.

Премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев президенттин тапшырмасы менен комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы териштирилерин билдирди. Ошондой эле ага тиешеси бар адамдар жоопко тартыларын айтты:

«Бүгүн элибиз оор жоготууга учурады. Президент жана бүтүндөй Казакстан эли сиздердин терең жана орду толгус кайгыңыздарга ортоктош. Тергөө иши өтө кылдат жана ар тараптуу, ошондой эле кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Бул кайгылуу окуяга тиешеси бар ар бир кызмат адамы мыйзам чегинде толук жоопко тартылат. Мамлекет каза болгондордун үй-бүлөлөрүн бул оор кырдаалда жалгыз калтырбайт. Ар бир курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө олуттуу өлчөмдөгү материалдык жардам жана башка зарыл болгон бардык колдоо көрсөтүлөт. Мен тергөөнүн жүрүшүн жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү иштерин жеке көзөмөлгө алам».

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу тергөө иштери уланып жатканын жана шектүү адамдар аныкталганын 25-сентябрда билдирди.

«Өз милдеттерин аткарууда шалаакылыкка жол берген деп шектелген кызмат адамдары аныкталды. Алар аба ырайынын шарттарын эске алуу менен жеке курамдын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү көзөмөлдү жана зарыл чараларды ишке ашырууну камсыздай алышкан эмес. Ошондой эле куткаруу иштерин туура уюштура албай калышкан, натыйжада адам өмүрү кыйылган. Тергөө бардык шектүүлөрдүн аракеттерине толук укуктук баа берип, аларга карата тиешелүү чараларды көрөт», – деп айтылат маалыматта.

Мекеменин маалыматына караганда, 30дан ашык аскер кызматкери суралып, 12 соттук экспертиза дайындалды. Документтер жана видеоматериалдар алынган.

25-сентябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги Аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу иштин алкагында шектүү катары Коргоо министрлигинин беш кызмат адамы кармалганын билдирди. Алар Актау шаардык полициясынын убактылуу тергөө абагына камалды.

Кармалгандардын арасында Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы колбашчысынын биринчи орун басары жана штаб башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командирлери, ошондой эле деңиз жөө аскерлеринин ротасынын жана "Кайсар" патрулдук кайыгынын командирлери бар.

Сотко чейинки териштирүү иштерин Казакстандын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлдөп жатат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты:

«Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм».

Казакстандын Коргоо министрлиги 22-сентябрда Каспий деңизинин казакстандык секторунда «Хазар калканы-2026» аттуу аскердик окуу-машыгуу башталганын билдирген. Машыгууну Куралдуу күчтөрдүн Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы колбашчысы, биринчи даражадагы капитан Канат Ниязбеков жетектей турганы айтылган.

Министрликтин маалыматына караганда, окуу-машыгууга 500дөн ашуун аскер кызматкери, аскердик кемелердин экипаждары, жээктеги бөлүктөр, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жээк күзөтү жана Аба коргонуу күчтөрү катышкан.

Маалымат каражаттарынын билдиришинче, окуя болгон жерде шамалдын ылдамдыгы жогорулап, деңизде толкун катуу болгон. 24kz телеканалы кабарлагандай, аба ырайынын оор шарты издөө иштерине тоскоол болуп жатты.

«Казгидрометтин» маалыматы боюнча, экинчи күн катары менен Маңгыстоо облусунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетүүдө.

2015-жылы да Актауда өткөн «Борбор-2015» аскердик окуу-машыгуусунун жүрүшүндө төрт аскер кызматкери сууга чөгүп каза болгон. Ошол учурда алты БТР-80 бронетехникасы жана 52 аскер деңизге чыгып, катуу шамалдан улам техника сууга чөгүп кеткен. Натыйжада төрт жоокер набыт кеткен.

2016-жылдын күзүндө Актау гарнизондук соту алты офицерди жана аскер кызматкерин «машыгууларды өткөрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн» күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыраткан.

Каспийде ондой аскер каза болду, Казакстанда аза күтүү жарыяланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:26 0:00


Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG