Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Арыста жабыркагандар жүздөн ашты


Казакстан. Арыстагы жарылуунун түтүнү.
Казакстан. Арыстагы жарылуунун түтүнү.

Казакстандын түштүгүндө аскердик кампадагы жарылуудан жарадар болгон сексенден ашуун киши ооруканада, эки адам каза болгону расмий кабарланды.

25-июнда казак бийлиги Арыстагы жарылууда каза болгон экинчи адам тууралуу кабарлады. Расмий билдирүүгө ылайык, алардын бири жөнөкөй тургун, бири аскер кызматкери.

«Эки адамдын өлгөнүн тастыктай алабыз. Бири Арыстын тургуну, анын машинесине снаряд тийип, ал жараатынан каза тапкан. Экинчиси - Коргоо министрлигинде жалданып кызмат өтөгөн аскер. Анын сөөгү аскердик бөлүктөн анча алыс эмес жерден табылды», деген ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин.

Ал эми саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жалпысынан медициналык жардам сурап 165 адам кайрылганын, алардын жарымы ооруканага жаткырылганын маалымдады. Жарылуудан жарадар болгон 15 адам реанимацияда, алардын экөө балдар. Тогуз кишинин абалы оор экени айтылууда.

24-июнда Түркстан облусундагы Арыс шаарынын четиндеги аскердик кампадагы жарылуудан кийин жергиликтүү бийлик аймакта чукул кырдаал жарыялап, 43 миң калкы бар шаардын жашоочуларын эвакуациялай баштаган. Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин маалыматына караганда, 39 миңдей адам аймактан өз алдынча чыгып кеткен.

Акимиат ушу тапта Чымкентте 22 эвакуациялык пункт ачылып, аларга 3,5 миңден ашуун адам жайгаштырылганын, адамдарга кийим-кече, тамак-аш таркатылып, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди. Кырсык болгон жерден качып чыккандардын арасында жакындарын издегендер да бар.

«Бала бакчанын имараты солкулдай баштаганда эле бакчадагы балдарды машинеге салып алып жөнөдүк. Кээ бирлеринин үйүнө барсак, жакындары эбак качып кетишиптир. Анан балдарды алып биз да качып жөнөдүк. Чындыгында эмне болуп жатканын түшүнгөн жокпуз. Кийин жолдо ата-энеси табылганына балдарын бердик. Аман калганыбызга шүгүр», - дейт Чымкенттеги эвакуациялык пунктта кездешкен аял.

Ал эми кош бойлуу Ляззат Даулетбаева жети баласы менен качкан. Келиндин айтымында, алар жанына документтерин алууга гана жетишкен.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймагында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылы төрт киши мүрт кеткен, 20га чукул адам жарадар болгон. 2015-жылкы жарылууда бир адамдын өмүрү кыйылган.

Арыстагы окуядан кийин коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Адамга коркунуч жараткан курал-жарактарды колдонуу эрежесин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ал эми Сенаттын мүчөлөрү тиешелүү министрликтердин жоопкерчилиги толук каралып чыгышы керек деген позицияда турушат.

Казак бийлигинин расмий билдирүүсүнө караганда 24-июнда эртең менен Куралдуу күчтөргө караштуу кампалардын биринде өрт чыгып, анын айынан курал-жабдыктар турган жер жарылып кеткен.

Социалдык тармактарда таркаган видеолордо асманга көтөрүлүп жаткан калың түтүн, жарылуунун үнү жана кымгуут түшүп ары-бери чуркаган адамдар, шаардан чыгып бараткан машинелердин тыгыны көрүнөт.

Казак бийлиги Арыстагы абал дагы эле кооптуу экенин белгилеп, дагы жарылуу болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG