Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Садыр Жапаров президенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча” жарлыкка кол койду.

“Ынтымак ордо” жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталганын билдирди.

Мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерин, окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин кызматкерлерин, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кайсы бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.

Министрлер кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, кызматтык абалынан пайдаланып кайсы бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн өкмөт мүчөлөрүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан бошотуу тапшырмасы коюлду.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.

Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров айткан. Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев 24-сентябрда “Азаттыкка” курган маегинде шайлоого талапкерлигин коюу ниети бар экенен билдирди. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG