Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Министр Сыдыков Транскаспий коридору Кыргызстандын соода мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин айтты

Бакыт Сыдыков (оңдон биринчи) БУУнун иш-чарасына катышты. Нью-Йорк. 22-сентябрь, 2026-жыл.
Бакыт Сыдыков (оңдон биринчи) БУУнун иш-чарасына катышты. Нью-Йорк. 22-сентябрь, 2026-жыл.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөн «Тынчтык аркылуу гүлдөп-өнүгүү: Транскаспий соода каттамына жана TRIPP демилгесине инвестиция салуу» аттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Иш-чарага АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф, сенатор Стив Дейнс, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Пол Капур катышты. Андан тышкары Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Өзбекстандын тиешелүү министрлери да талкуунун катышуучусу болду.

Жыйында Транскаспий соода каттамын жана TRIPP демилгесин өнүктүрүү, транспорттук инфраструктурага инвестиция тартуу, ошондой эле Борбор Азия, Түштүк Кавказ жана эл аралык рыноктор ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун келечеги талкууланды. Соода, инвестиция жана узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү үчүн шарт түзүүдө аймактык кызматташтык менен туруктуу тынчтыктын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Бакыт Сыдыков деңизге түз чыга албаган өлкө катары Кыргызстан үчүн бул каттамдын маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк транспорттук коридорлорго жеткиликтүүлүктү кеңейтүү өлкөнүн соода жолдорун диверсификациялоого, жүк ташуунун мөөнөтүн жана чыгымдарын кыскартууга, жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле кыргызстандык продукцияны жаңы рынокторго чыгарууга мүмкүнчүлүк ачат.

Министр Кыргызстан аймактын транспорттук жана логистикалык байланышын чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Ал Кыргызстан өз ара пайдалуу сооданы кеңейтүүгө жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бардык тараптар менен конструктивдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясы 8-сентябрда Нью-Йорк шаарында ачылган. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG