Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 1 млрд 200 млн сом бөлүнөт

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-сентябрдагы отурумунда Кыргызстанда президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жумшала турган чыгымдардын сметасын бекитти.

Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, саясий иш-чарага 1 млрд 200 млн сом кетет деп эсептелген. Эгерде шайлоо бир эле тур менен өтсө бул сумма азаят. Өлкөдө 27 миңге жакын шайлоо комиссиялары бар. Андан тышкары жер-жерлерде автоматтык эсептөөчү урналарды иштетүү үчүн операторлор тартылат. Каражаттын көбү алардын сый акысына жумшалат.

Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом кабыл алган.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.

Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айтып чыккан. Шайлоого өз талапкерлигин коёрун 24-сентябрда "Азаттыкка" курган маегинде мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев да ачык жарыялады. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG