Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Тышкы миграцияга өлкөдөгү айлыктын аздыгы жана коррупция себеп экени айтылды

Европада иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар. Иллюстрация сүрөт.
Европада иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандык жарандардын чет өлкөлөргө иш издеп кетүүсүнө мекениндеги айлык маянанын аздыгы жана коррупция негизги себеп болууда. Бул тууралуу “Инсан-Лейлек” коомдук фонду быйыл жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды.

Аталган фонд кыргыз мигранттарынын маршруту боюнча чоң изилдөө жүргүзгөн. Анда Орусиядан кайткан мигранттар эмне үчүн Кыргызстанда калбай, башка өлкөлөргө кетип жатканы изилденген.

Уюмдун жетекчиси жана миграция боюнча эксперт Гүлнара Дербишева Кыргызстандагы жумуштарга жергиликтүүлөр көп барбай жатышынын эки олуттуу себеби бар экенин айтууда:

"Биринчиден, Кыргызстанда айлык маяна кичине азыраак болуп атат дейт. Албетте, “жумуш көп, жумуш орундары бар, калгыла, мына тигүү цехтери ачылып атат, курулуш жүрүп атат, курулушка башка өлкөлөрдүн мигранттары келип атат” деп айтылууда. Бирок, мисалы, Орусияда иштеген мигранттар айтып атат “айлык маянасы салыштыргыс азыраак” дейт. Анан, кантсе да, бизде Кыргызстандын ичинде өздөрүнө жакшы перспектива көрө албай жатат. Кыргызстанда калбаганынын дагы бир себеби, "коррупциялык тобокелдиктер көп, ишке орношкондо клан, телефон чалуулар, бирөөнүн атынан өкүл балдар, өкүл кыздар жакшы жумушка орношот дагы, биз кара жумуш эле кылып жүрдүк" дегендер көп. Кыргызстанда деле кара жумушка даяр экенин, бирок айлыгы аздыгын айтышат".

Кыргыз өкмөтү өлкөдө жумуш орун көп экенин, аларга жергиликтүү жарандар келип иштебей жаткандыктан чет элдиктерди тартууга аргасыз болуп жатышканын билдирип келет.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев июль айында жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде миграциялык процесстин табиятына ылайык кыргыз жарандары башка жакка кетип жатканда алардын ордуна чет элдиктер келип иштеп жатканын айткан:

"Киши жетишпегени үчүн чет өлкөдөн жумушчуларды чакырганга аргасыз болуп жатабыз. Анткени өзүбүздүн жумушчулардын көбү келишпейт. Кара жумушка иштегиси келбейби, түшүнүксүз".

Кыргыз өкмөтү 2027-жылга чет элден тартуучу эмгек күчүнө квотаны 120 миңге жеткирген чечимин чыгарды. 2026-жылы квота 100 миң, 2025-жылы 42 миң болчу. Көрсөткүч 2023-жылдан 2027-жылга чейинки беш жылда 722% өстү.

Улуттук статистикалык комитет быйылкы жылдын январь-июнь айларында реалдуу эмгек акы 15,3% өскөнүн маалымдаган. Бир жылда өлкөдө бензин 17,7%, дизель отуну 26,4% кымбаттады. Былтыртан бери электр энергиясынын баасы 19,7%, суунун тарифи 12,8% өстү, газдын кымбатташы 10% ашты. (KbA/ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG