25-сентябрга караган түнү Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 12-кичи районунун Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан тез татым жайынан өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 3:22де бир күжүрмөн эсеп тартылып, өрт 4:36да толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктын чыгуу себептери жана келтирилген материалдык зыяндын көлөмү аныкталууда. Жабыркагандар бар-жогу тууралуу маалымат берилген жок. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине