Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Юстиция министрлиги коррупцияга каршы күрөш боюнча сурамжылоо өткөрүүдө

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жарандар арасында коррупцияга каршы маалымдуулугун билүү үчүн анонимдүү онлайн-сурамжылоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, сурамжылоо коррупцияга каршы күрөш жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Бул өнөктүккө каалаган жарандардын баары катыша алат. Ал үчүн бул шилтемеге кирип, өзүнүн баасын берсе болот.

Министрлик онлайн сурамжылоонун жыйынтыгы менен жемкорлукка каршы иштердин деңгээли жана кемчиликтери боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынарын белгиледи.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG