Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Трамп Сини өзү тосуп алды. АКШ-Кытай мамилеси оңолуу жолуна түштүбү?

Си Цзинпин менен жубайын Дональд Трам биринчи айым менен кошо тосуп алды. АКШ, 23-сентябрь 2026-жыл
Си Цзинпин менен жубайын Дональд Трам биринчи айым менен кошо тосуп алды. АКШ, 23-сентябрь 2026-жыл

Си Цзинпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды. Бул жолу президент Дональд Трамп менен Иран, Тайван, жасалма интеллект жана соода согушуна байланышкан маселелер талкууланмакчы. Аналитиктер тараптардын конструктивдүү кызматташтыгы эки эл үчүн пайдалуу деп айтышат.

Адатта АКШ президенттери башка мамлекеттердин жогорку жетекчилерин Ак үйдө кабыл алышат. Дональд Трамптын Си Цзинпин менен жубайын аэропорттон өзү тосуп алганы сейрек кездешүүчү көрүнүш.

Мериленддеги Эндрюс аскердик базасында эки өлкөнүн желектери желбиреп, ардактуу кароол тизилип турду.

Кытай лидери Трамптын өткөн май айында Бээжиндеги сапарында эки өлкөнүн мамилелерин конструктивдүү нукта өнүктүрүү тууралуу макулдашканын белгиледи.

АКШ-Кытай: Лидерлер Иран, Тайван, АI, соода согушун талкуулайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Талдоочулар эки президенттин жарым жылдын ичинде экинчи жолу кездешип жатканын тарыхый мааниге ээ окуя катары баалашууда. Жетекчилер жасалма интеллекттин коопсуздугу, бажы төлөмдөрү жана экспорттук чектөөлөрдөн тартып, сейрек кездешүүчү минералдар, Тайвандын макамы жана Ирандагы согуш сыяктуу орчундуу маселелер боюнча пикир келишпестиктерде мунаса табууга аракет кылышмакчы.

«Менимче, АКШ менен Кытайдын ортосундагы конструктивдүү мамиле америкалык жана кытай элине чындап эле пайда алып келет. Ошондуктан эки өлкөнүн лидерлери принципиалдуу макулдашууга жетишкени маанилүү. Бирок андан кийин ошол макулдашууларды Соода министрлиги жана Финансы министрлиги ишке ашырышы керек, - деп айтты Reuters агенттигине АКШ-Кытай мамилелери боюнча улуттук комитеттин төрагасы Стивен Орлинс.

Chicago Council on Global Affairs уюму жакында жүргүзгөн сурамжылоо америкалыктардын Кытайга болгон мамилеси жакшырып жатканын көрсөттү. Респонденттердин 57 пайызы Вашингтон Бээжин менен кызматташып, өз ара алака жүргүзүүгө тийиш деп жооп берген.

Ошол эле учурда Трамптын тарапташтарынын көбү Кытай менен алаканы чектөөнү жакташат.

Си Цзинпиндин сапарынын алдында, 23-сентябрда, АКШнын финансы министри Скотт Бессент Вашингтон Кытай сунуштап жаткан «кеңири келишимди» карап чыгууга же андан чакан Пусан соода макулдашуусун улантууга даяр экенин билдирди.

Бир жыл мурда Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн жолугушууда Трамп тарифтерди 10 пайызга төмөндөтүп, миңдеген кытайлык компанияларга киргизилген экспорттук көзөмөл чараларын убактылуу токтоткон.

Өз кезегинде Си Цзинпин сейрек кездешүүчү металлдарга байланышкан чектөөлөрдү алууга жана АКШдан соя сатып алууну жандандырууга макул болгон.

Кытай боюнча эксперт Руби Осман визитке байланыштуу мындайча пикири менен бөлүштү:

«Жалпысынан алганда, бул саммиттен конкреттүү жыйынтыктар көп чыкпайт деп ойлойм. Бирок бир нерсени күтүүгө болот: сейрек кездешүүчү минералдарга жана тарифтерге байланышкан эң оор чаралар боюнча убактылуу элдешүү кайсы бир мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Бул элдешүү эки өлкөнүн мамилесиндеги бардык маселелерди чечип салат деген ойдон алысмын. Бирок, менимче, жок дегенде жакынкы келечекте эки тарап тең былтыркы тирешүүнү кайра баштоого кызыкдар эмес».

Былтыр апрелде башталган соода согушу эки тараптуу тарифтердин рекорддук деңгээлге чейин өсүшүнө алып келген.

Тайван маселеси Си Цзинпин менен Дональд Трамптын ортосундагы эң сезимтал темалардын бири бойдон калууда. Аралдын айланасындагы чыңалуу Кытай менен АКШнын ортосунда аскердик тирешүүгө чейин жетиши мүмкүн деген кооптонуулар айтылып келет.

Бээжин Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт жана АКШнын Тайбэйге саясий жана аскердик колдоо көрсөтүшүнө каршы чыгып келет.

Иран согушу да сүйлөшүүлөрдө маанилүү орун ээлери күтүлүүдө. Кытай уруш учурунда да Иран менен кеңири экономикалык байланыштарды сактап келет, Ислам жумуриятынын мунайын сатып алууну улантып жатат.

Ошол эле учурда Бээжин Американын аракеттерин ачык сындап жүрөт. Кытай өзүн дипломатиялык туруктуулукту камсыз кылган күч катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Маалыматтарга караганда, Си Цзинпин азырынча Вашингтон каалагандай Тегеранга басым көрсөтүүгө даярдыгын билдире элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG