Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:29

"АКШ Иран-Орусия-Кытай-Түндүк Корея алакасын көз жаздымда калтырууда"

Орус президенти Владимир Путин түндүккореялык аскерлер менен. Москва, 9-май 2025-жыл
Орус президенти Владимир Путин түндүккореялык аскерлер менен. Москва, 9-май 2025-жыл

Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Корея өлкөлөрүнүн стратегиялык кызматташтыгынын өөрчүшү АКШ жана анын өнөктөштөрү туш болгон маанилүү коопсуздук маселесине айланды. Мындай ою менен отставкадагы америкалык контр-адмирал Марк Монтгомери бөлүштү.

Монтгомери жана аны менен чогуу “Агрессорлордун огу (төртилтиги)” китебин жазган Брэдли Боуман менен Элейн Дезенски ошол авторитардык мамлекеттер ортосундагы алакалардын 600 мисалын келтиришет. Алардын кызматташтыгы аскердик, технологиялык, экономикалык жана кибер тармактарга жайылган.

Кибер жана технологиялык инновациялар борборунун директору жана Демократияны коргоо фондунун улук изилдөөчүсү Монтгомери Батыш жогорудагы альянстын масштабын жана алар жараткан тобокелдиктерге жетиштүү көңүл бурбай жатат деп эсептейт.

“Азаттыктын” кабарчысы Алекс Рауфоглу аны менен Украина, Иран, куралдуу жаңжалдар жана АКШ аскерлеринин аларга даяр туруу үчүн эмнелерди кылууга тийиш деген теманын айланасында кеп курду.

- Вашингтон Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Кореядан куралган авторитардык квартеттин коркунучун көз жаздымда калтырып жатабы жана алар өз ара канчалык тыгыз иштешүүдө?

- Биз алардын өз ара координациясы канчалык жогору экенине жетиштүү көңүл бурбай келатабыз. Ошондуктан коллективдүү аракеттерине чектелген жооп кайтарылууда. АКШда муну Украинанын мисалында байкаса болот.

Украина Орусия, Иран, Түндүк Корея жана Кытайга каршы күрөшүп жатканы айдан ачык. Иран Москваны “Шахед” дрондору менен камсыздайт. Жабдыктар менен гана эмес, аларды өз алдынча жасоо үчүн технологиялар менен бөлүшөт. Орусия Тегеранда ойлоп табылган дрондорду чыгарууда.

Түндүк Кореянын 12 миң аскерин жөнөткөнүнө гана көңүл бурулуп келатат. Пхеньян мындан тышкары Орусияны артиллерия жана минометтор колдонгон 5-6 миллион дүрмөт менен камсыздаган. Бул НАТО акыркы ондогон жылда чыгарган көлөмдөн эселеп көп.

Кытай болсо баллистикалык, канаттуу жана добуштан ылдам учкан ракеталар үчүн микроэлектроника берип, Орусиянын согуштук аракеттерин колдоодо.

Украинага, ошентип, төрт өлкө менен күрөшүүгө туура келүүдө. АКШ Байден администрациясынын тушунда эле алыс аралыкка учуучу курал-жарак системаларын өтө жай берчү, машыктыруу үчүн украин жергесине өз аскерлерин жайгаштырган эмес. Президент Дональд Трамп андан да аз иш жасады, коопсуздук тармагындагы жардамды Байден администрациясына караганда 99 процентке азайтты.

АКШнын Иранга каршы тирешине келгенде ушундайды Европада да байкаса болот. 47 жыл мурун авторитардык режим орногон Иран террорчулукту колдоп келген. Террордук кол салуулардан Ирак жана Ооганстанда америкалык бир миңдей, европалык жана НАТОлук 500гө жакын жоокердин өмүрү кыйылды.

Тегеран “Хезболланы”, хусилерди, Ирак менен Сириядагы "кол жоолук" куралчан топторду колдойт. Мындан тышкары бир эле дем алышта өзүнүн 30 миңден ашуун жаранын тындым кылды.

Европа ал жактагы жаңжалга эки теңме-тең тарап – АКШ менен Иран кириптер болгонун айтат. Бул – акылга сыйбаган ой. Иранды Орусия колдойт, Кытай колдойт. Мурда Түндүк Корея колдочу. Буга карабай Иран менен тирешүүдө Европадан колдоо ала албай жатабыз.

- Сиз координацияланган кризистердин коркунучу тууралуу көп ирет эскерткенсиз. Ошондо америкалык аскерлер бир нече куралдуу жаңжалдарга чачырап каларын айткансыз. Пентагондун эки же андан көп кризисти жөндөөгө дарамети качан чектелип калышы ыктымал?

- Чынында эле бул жакта тынчсыздандыруучу эки нерсе бар. Биринчиси – куралдуу күчтөрдүн структурасы: кемелер, авиациялык эскадрильялар, танктар менен батальондор. Экинчиси ок-дарыга барып такалат. Биздин армиянын структурасы жакшыраак абалда. Биздин бир эле мезгилде бир нече жаңжалды жөнгө салуу жөндөмүбүз жогорураак, бирок максатыбызга жете элекпиз. Бизге кошумча инвестициялар менен коргонуу тармагына көбүрөөк каражат зарыл. Биз европалык өлкөлөрдү чара көрбөйт деп сындаганыбыз менен АКШнын өзүнүн коргонуу тармагына сарптаган чыгымдары азайды. "Кансыз согуштун" аяк ченинде ички дүң өнүмүнүн 4-5% түзсө, Байден администрациясынын аягында 3% же андан да төмөн болуп калган.

Ок-дары маселеси мындан да олуттуу көйгөйгө айланган. 25 жыл бою жетиштүү акча бөлүнбөгөндүктөн Украинага берилген жардамдан жана Ирандагы операциялардан улам запастарыбыз абдан азайган. Бир эле убакытта эки жаңжал тутанса, бул жагдай чоң маселеге айланат.

- Сиздин изилдөөңүз көрсөткөндөй, Кытайдын микроэлектроникасы Ирандын ракета чыгаруу тармагына жана Орусиянын курал-жарак программасына чоң колдоо болуп келатат. Америкалык расмий адамдар буга санкциялар менен жооп кайтаруу керектигин көп айтышат. Бээжин бүтүндөй альянска технологиялык жана экономикалык таяныч болуп берген кезде санкциялардан майнап чыгабы?

- Микроэлектрониканын татаал жери андай товарлар кош максатта пайдаланылышы ыктымал. Кайсы бир продукция Кытайга тынч максатта колдонуу үчүн экспорттолуп, андан ары Орусияга аскердик максатта ташылышы мүмкүн. Муну менен жазалоочу чараларды көзөмөлдөө кыйын болууда.

Мындан тышкары ирандык жана орусиялык мунайды экспорттоого салынган санкциялар көп бузулуп, атүгүл ачыктан ачык көз жаздымда калып келген.

Ушу тапта Линдси Грэмдин мыйзамына окшогон Орусияга кысымды күчөтүүнү максат кылган жаңы мыйзам долбоору талкууланууда. Бирок өкмөткө зарыл болгон бир топ ыйгарым укуктар ансыз да бар. Жөн гана алар тийиштүү деңгээлде ишке ашырылбай же көптөгөн кеңири жеңилдиктер берилүүдө.

- Вашингтон Тегеран менен жаңжалды жөнгө салууда дипломатиялык кадамдарды таразалап жаткан чакта сиз сүйлөшүүлөрдү ылдам баштоого каршы пикириңизди айткансыз. Келишим Ирандын ири аскердик инфраструктурасын жана "кол жоолук" (прокси) уюмдарынын түйүнүн жок кылбаса, анын арты кандай стратегиялык коркунучтарга алып келиши ыктымал?

- Бул жерде бир нече маселеге көңүл бурулууга тийиш. Иран өзөктүк куралга же өзөктүк дүрмөт ташууга кудуреттүү баллистикалык ракеталарга ээ болбошу керек. Бул – айдан ачык.

Бир жарым жылдан берки бомбалоолордон кийин Ирандын атомдук программасы 5-10 жыл артка сүрүлгөнү жакшы жаңылык. Бир топ жайлар зыянга учурады, ал тармакта иштеген инженерлери набыт болду, ракета чыгаруу иши жарым-жартылай токтоп калды. Иран анын ордун Орусия жана Кытайдан келген импорттун эсебинен толтура алат, бирок ал кыйын болуп калды.

Дагы бир көйгөйдү Ормуз кысыгындагы абал жаратууда. Ирандын географиясы бул суу каналында ага артыкчылык берүүдө. Омандын да географиялык артыкчылыгы бар, бирок алар эл аралык мыйзамдарды урматтайт. Иран болсо аларды сактабайт. Иран менен сүйлөшүү жүргүзүү оңой эмес. Эмне дегенде Ислам революциясынын сакчылар корпусу өз элин гана азап чектириши ыктымал, өзү болсо эч кандай зыян тартпайт.

- Сиз жакында Украинадагы майданга барып келдиңиз. Ал жак чындап эле сөз болгон авторитардык төртилтиктин оперативдүү лабораториясына айланып калганбы? Ошол жакта болочоктогу согуш жүргүзүү ыкмаларын сыноодон өткөрүүдөбү?

- Ооба, эки тарап үчүн ошондой болуп калды. АКШ жана жалпы эле Батыш жана Орусия үчүн Украина өзүнчө бир лабораторияга айланган. Бирок айырмасы АКШ артыкчылыктарынан пайдалана албай жатканында.

Кошмо Штаттар ал жакта элчилигине байланышкан кишилерди кармабаса эле, аскер адамдарынын саны чектелген. Согуш майданындагы сабактарды үйрөнө турган аскерлер жетишсиз.

Орусия ал тапта Кытай, Түндүк Корея жана Иранга өз тажрыйбасын жигердүү бөлүшүүдө.

Түндүк Корея түздөн-түз үйрөнүп жатат. Адегенде 12 миң аскерин жөнөткөн. Азыр болсо 30 миң аскерге чейин орус тарапта согушканы кабарланууда. Алардын бардыгы согуштун жаңы формасында тажрыйба топтоп жатат.

Интервьюнун толук версиясы бул жерде - https://www.rferl.org/a/iran-russia-china-ukraine-north-korea-montgomery/33821449.html

Шерине

XS
SM
MD
LG