Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Согушту "убактылуу токтотуу туура болот". Токаевдин Путинге айткан сөзүнүн төркүнү кайда?

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Орусия–Казакстан аймактар аралык кызматташтыгы боюнча форумга катышты. Омск шаары, Орусия. 2026-жылдын 25-июлу.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Орусия–Казакстан аймактар аралык кызматташтыгы боюнча форумга катышты. Омск шаары, Орусия. 2026-жылдын 25-июлу.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда Украинадагы согушту убактылуу токтотууга чакырды. Москванын жакын өнөктөшүнүн мындай билдирүүсү эксперттер арасында ар кандай талкуу жаратууда. Ал эмне деди?

25-июлда Омск шаарындагы жолугушууда казак лидери Касым-Жомарт Токаев Европа менен АКШдан көптөгөн сигналдар келип жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, Украинадагы согуш мамлекеттер аралык жаңжал болуп саналат жана аны жарандык согуш катары мүнөздөөгө болбойт.

"Биз украин элине, анын маданиятына, тилине ар дайым урмат-сый менен мамиле кылабыз. Бул жаңжалдын төркүнү көпчүлүккө, анын ичинде бизге да түшүнүксүз жактары көп, - деди Токаев.

Ал Путинге согушту аяктап, "жаңжалды токтотууга" убакыт жеткенин айтты.

"Кырчындай жигиттер курман болуп жатат. Алар бир тууган орус жана украин элдеринин генефонду. Ошондуктан мунун баарын токтотуу керек", - деп кошумчалады ал.

Путин Токаевдин билдирүүсүнө дароо ачык жооп берген жок:

"Украина багыты боюнча бүгүнкү сүйлөшүүнүн жүрүшүндө сизге өзүнчө кенен-чонон маалымат берем", - деп чектелди.

Эртеси күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Токаевдин сунушуна Москванын реакциясын билдирди.

"Биз адегенде өз максатыбызга жетүүбүз керек", - деген Песков согушту "убактылуу токтотуу мүмкүн эмес" экенин белгиледи. "Шарттар түшүнүктүү жана ырааттуу. Ошондуктан Киев тиешелүү чечим кабыл алса, баары бүгүн эле күндүн аягына чейин бүтүшү мүмкүн".

Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Сибига Токаевдин согушту токтотуу тууралуу сөзүн "так маалында айтылган, реалдуу, акылдуу чакырык" деп атады.

"Биз президент Токаевдин Путинге согушту токтотууга убакыт келгенин айтканын оң баалайбыз. Бул логикалуу, өз маалында жасалган, акылдуу чакырык. Украина согушту азыркы фронт сызыгы боюнча токтотуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөргө өтүүнү сунуштаган. Бирок Кремль тынчтыкка жеткирчү ачык жолдон баш тартканды улантууда. Путиндин басма сөз катчысы Казакстандын президентинин да бул сунушун четке какты. Москванын чыныгы тынчтык демилгелерин кабыл алуусу үчүн ага басымды дагы күчөтүү керек", - деп жазды ал X платформасында.

Стамбул cүйлөшүүсүндөгү сунуштар

2022-жылы Стамбулда сүйлөшүүлөр өткөн. Анда тараптар согушту токтотуунун жолдорун талкуулап, келишимдин долбоорун даярдашкан. Документте Украинанын бейтарап макамы, эл аралык коопсуздук кепилдиктери жана Крым менен Донбасс маселесин сүйлөшүү аркылуу чечүү сунушталган.

Бирок тараптар үч негизги маселе боюнча орток пикирге келе алган эмес. Алар:

- НАТО маселеси. Орусия Украинаны альянска кошулбасын деп талап кылган. Киев мындай шартка эл аралык коопсуздуктун так жана ишенимдүү кепилдиктери берилсе гана макул болорун билдирген.

- Орусия басып алган аймактар. Украина Крым менен Донбассты өзүнүн ажырагыс аймагы деп эсептейт. Москва бул аймактардын азыркы макамын эл аралык коомчулук таануусу керек деген позицияны карманган.

- Украинанын армиясы. Орусия украин армиясынын санын кыскартууну жана оор курал-жарактарга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Бирок Киев мындай шарттар өлкөнүн коргонуу жөндөмүн алсыратат деп эсептеген.

Көп өтпөй Бучадагы кыргындан кийин сүйлөшүүлөр токтоп, согуш улана берген.

Казакстандын мурдагы дипломаты Казбек Бейсебаев Стамбулдагы сүйлөшүүлөр негизинен Орусия үчүн пайдалуу болгонун, ал эми Украина азыр андай шарттарга көнө коюшу күмөн экенин айткан.

“Володя, сен ашыкча кетип жатасың”

Орусия Украинага каршы ар тараптан согуш баштагандан кийин Москванын өнөктөшү болгон Казакстан Кремлдин аракеттерин ачык айыптоодон карманып келген.

Токаев Украинанын аймагындагы Орусия басып алган, өзүн өзү жарыялаган "Луганск Эл Республикасы" (ЛЭР) жана "Донецк Эл Республикасы" (ДЭР) деген түзүмдөрүн мамлекет катары тааныбай турганын билдиргени менен Орусияны аскердик жол менен жеңүү мүмкүн эмес экенин да айтып келген. Ага чейин ал Орусиянын Крымды басып алганын "аннексия деп айтууга болбойт" деген эле.

Ошондуктан президент Токаевдин Омскидеги билдирүүсү эксперттердин көңүлүн өзүнө бурду.

Муну саясаттагы бурулуш катары баалагандар Токаевдин "өлкөлөр ортосундагы согуш" деген сөз айкашын колдонгонуна өзгөчө көңүл бурушту.

Кремлдин пропагандасы Украинанын мамлекеттүүлүгүн тааныбай, жаңжалды көп учурда "жарандык согуш" деп сыпаттап келген. Ошондой эле Украинага каршы эмне үчүн согуш ачканынын "түпкү себептери" тууралуу да көп айтылат.

Токаев Омскидеги сөзүндө согуштун келип чыккан себептери дагы эле толук түшүнүксүз бойдон калып жатканын белгиледи.

Орусиялык саясатчы Андрей Пивоваров Токаевдин билдирүүсүн «Путинди кордоо» деп сыпаттады.

"Алиевден кийин эми Токаев да Путинди эл алдында ыңгайсыз абалга калтырууда. Омскидеги жолугушууда ал бул согуш эмне үчүн башталганын түшүнбөй турганын, баары андан чарчаганын жана аны токтотуу керектигин ачык айтты. Новороссийск портундагы терминалга сокку урулгандан кийин Казакстан экспортунун Орусия багыты аркылуу өткөн бир бөлүгүн жоготту. Ошондуктан ал “Володя, сен ашыкча кетип жатасың” деп ачык айта алат", - деп жазды Пивоваров Facebook баракчасына.

Каспий куур консорциумуна жасалган чабуулдун запкысы

17-июлда жана 19-июлда Каспий куур консорциумунун (ККК) инфраструктурасы аркылуу мунай ташыган жарандык кемелерге чабуул жасалып, Астана андай аракеттерди айыптады.

Казакстан, Орусия жана бир катар чет өлкөлүк компаниялар чогуу башкарган консорциумдун куурунун узундугу болжол менен 1,5 миң чакырым. Казакстандын мунай экспортунун 80% Орусиянын аймагы аркылуу өткөн ушул куур менен ташылат.

Консорциумдун объектилери буга чейин да чабуулга кабылган. Андай учурда Астана расмий айыптап келген. Ошондой эле Вашингтон да консорциумдун объектилерине сокку урбоого чакырган.

Бул куур аркылуу америкалык компаниялар өндүргөн мунай да экспорттолот. Ошондуктан консорциумдун ишинин үзгүлтүккө учурашы Казакстандын гана эмес, бир катар эл аралык энергетикалык компанияларга жана дүйнөлүк мунай рыногуна да таасир этиши мүмкүн.

Июлдагы чабуулдардан кийин АКШ Конгрессинин мүчөсү Билл Хайзенга Каспий куур консорциумунун объектилерине чабуул жасоого жол берилбеши керектигин билдирди.

"Вашингтон украин тарапка ККК терминалын аткылоо карапайым калкка гана эмес, АКШнын кызыкчылыктарына да коркунуч жаратарын так түшүндүрүүсү керек", - деген америкалык конгрессмен.

Бирок Украинанын Казакстандагы элчиси Виктор Майко бул чабуулдарга Украинанын тиешеси жок экенин билдирди.

23-июлда Казакстан Кара деңиздеги кооптуу кырдаалдан улам мунай жүктөө операцияларын токтотуп, кара май өндүрүүнү убактылуу кыскартканы маалым болду.

"Алдын ала акылдашкан кеп"

Казакстандык саясат таануучу Димаш Алжановдун пикиринде, Токаев Омскидеги билдирүүсүн оболу Орусия менен макулдашып туруп жасаган.

"Белгилүү деңгээлде бул Орусиянын кызыкчылыктарын да эске алган Стамбул келишимдерине кайтуу зарылдыгын көрсөтүүгө жасалган аракет болушу мүмкүн. Казакстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер учурда бир топ чыңалуу менен коштолуп жатканына карабастан эки өлкө дагы эле союздаш бойдон калып, көптөгөн багыттар боюнча кадамдарын макулдашып турат", - деди ал Deutsche Welle телеканалына курган маегинде.

Эксперт ошондой эле Каспий куур консорциумунун айланасындагы кырдаал Казакстанга олуттуу сокку болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Астана өз кирешесинин маанилүү бөлүгүнөн ажырап, Европа мамлекеттери жана АКШнын көмөгү аркылуу Киев менен бул маселени жөнгө салууга аракет кылышы мүмкүн.

"Экинчи жагынан алганда, консорциумдун 15% Орусиянын менчиги. Ал эми куур аркылуу ташылган мунайдын 10–15% дагы Орусияга таандык. Ошондуктан сокку уланышы мүмкүн. Бул жагынан алганда Казакстан өтө кыйын абалда турат", - дейт Алжанов.

"Бээжиндеги санаалаштардын салымы"

Орусиялык саясат таануучу Иван Преображенский Токаевдин айтканынын артында Кытайдын да таасири болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Токаев бул анын жеке пикири гана эмес экенин ачык көрсөттү. Балким, бул таптакыр эле анын өз пикири эмес, Европа менен АКШнын өтүнүчү болушу мүмкүн. Бирок бул жерде Европа менен АКШдан тышкары ЖККУдагы жана Бээжиндеги өнөктөштөрдүн да өтүнүчү болушу ыктымал", - деди эксперт "Дождь" телеканалына курган маегинде.

Дагы бир орусиялык саясат таануучу Руслан Айсин да Токаев Омскидеги сөзүн Путин менен алдын ала макулдашкан болушу ыктымал деп эсептейт. Анын пикиринде, бул кайрылуунун артында Кытай лидери Си Цзиньпиндин позициясы турушу да ажеп эмес.

"Путин үчүн бул жагымсыз болгонун байкоого болот. Ал жер карап отурду. Токаев, андан мурдараак болсо Беларустун лидери Александр Лукашенко да ага “Урматтуу досум, абалың жакшы эмес, кандайдыр бир чара көрүү керек” дегендей белги берип жатышат", - деди ал «Настоящее время» телеканалына.

"Мунун баары Путинге эмне үчүн керек? Бул кандайдыр бир тынчтык жолуна түшүүгө болгон аракет сыяктанат. Ал “Мени Вашингтон же Украинанын куралдуу күчтөрүнүн соккулары эмес, биздин эң жакын досторубуз жана өнөктөштөрүбүз ынандырып жатат” деп көрсөткүсү келет", - дейт саясат талдоочу.

Айсиндин айтымында, Путин чындыгында тынчтыкка жетүүгө умтулуп жаткан жок, бирок АКШга согушту токтотууга ыктаган адам болуп көрүнгүсү келет.

"Мунун аягы эмне менен бүтөрү азырынча түшүнүксүз. Путин тынчтык келишимин каалабайт. Бирок ал өзүнүн тынчтык планы бар экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Ушундай дипломатиялык активдүүлүк аркылуу АКШдагы үч айдан кийин өтө турган шайлоого чейин убакыттан утсам дейт. Андан кийин ал жактагылар ички саясий күрөшкө көбүрөөк көңүл буруп, Украина маселесине мурдагыдай назар салбай калат деген эсеби бар", - деди Айсин.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG