НАТОнун Анкардагы саммити маалында АКШ жана Украина президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолугушуу өткөрдү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, америкалык лидер Вашингтон Украинага абадан коргонуучу Patriot системаларына зарыл болгон ракеталарды чыгаруу лицензиясын бериши мүмкүн экенин кыйытты.
Трамп «Азаттыктын» украин кызматынын кабарчысынын согушту токтотуу жолдору тууралуу суроосуна жооп берди. Анын пикиринде, орус президенти Владимир Путин да согушка чекит коюуну каалайт жана жакын арада олуттуу алга жылууга жетишилиши ыктымал.
Муну менен катар ал Путин Зеленский менен Москвада кездешүүгө даярдыгын билдиргенин айтып, украин президентинен ал Москвага барууга даярбы деп сурады.
“Бул кооптуу, ал жакта өтө көп украиналык дрондор учуп жүрөт”, - деп жооп берди Зеленский.
Трамп Москвага сапар кыйын болот деген ойго кошулду.
Ал ошондой эле украин армиясынын алыска урган соккулары, өзгөчө мунай иштетүүчү жайларды бутага алуу согушту токтотууга жакындатышы мүмкүн деген пикирге макул экенин айтты.
“Бул – эскалация, бирок согушту жөнгө салууга жардам бериши ыктымал”, - деп билдирди Трамп орусиялык мунай иштетүүчү ишканаларга урулган соккулар тууралуу суроого.
Америкалык лидер тынчтык келишиминини шарттары Украинанын кызыкчылыгына өзгөрүшү мүмкүн деген ою менен да бөлүштү.
Саммитте НАТОнун мүчөлөрү жыйынтыктоочу декларацияда Украинага узак мөөнөттүү жардам берилерин ырасташты жана үстүбүздөгү жылы курал-жаракка, аскердик колдоого жана аскерлерди машыктырууга 70 млрд евро бөлүүгө убада кылышты.
Шерине