17-июнда кол коюлган документке ылайык, 60 күндүн ичинде тараптар согушту биротоло токтотуу келишимин түзүүгө тийиш эле. Трамптын билдирүүсүнөн кийин дароо мунайдын дүйнөлүк баасы 5% көтөрүлүп кетти.
Дональд Трамп ок атышпоо режими токтогонун айтып, ошол эле маалда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып же улантпоо чечимин АКШнын чабармандары кабыл алышарын белгиледи.
“Менимче, баары бүттү. Мен алар менен иштешүүнү каалабайм. Алар оорулуу адамдар, аларды оорулуу адамдар башкарат. Ыплас, ырайымсыз, зордукчул кишилер. Өзөктүк куралы бар болсо, аны колдонууга чейин барышмак. Менин көз карашымда бардыгы бүттү”, - деп айтты Трамп НАТОнун Анкарадагы саммитинде.
Иран менен сүйлөшүүлөрдүн уланышы тууралуу эч нерсе айтылган жок. Трамп ирандыктар менен иш алып баруу "убакытты текке кетирүү" деген пикирин кошумчалады.
Шейшембинин кечинде аймакта уруш жанданган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын соккуларына жооп кайтарып, Бахрейн жана Кувейттеги америкалык базаларга чабуул койгонун билдирди. Эки өлкөдө тең авиасоккулардын коркунучун эскерткен сиреналар жаңырды, бийликтер жергиликтүү тургундарды коопсуз жайларда башкалкалоого үндөгөн.
Кувейттин армиясы "душмандын эки баллистикалык ракетасы жана 13 дрон атып түшүрүлгөнүн" билдирди.
Анын алдында АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге коюлган чабуулга жооп катары америкалык аскерлер 7-июлдун кечинде Ирандагы 80 чаты аскердик жайга сокку урганын билдирген.
Буйрукту Трамп саммитте жүргөн маалда бергенин айрым медиа жазды.
АКШнын командачылыгы Иранды ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптады. Ислам жумуриятынын Тышкы иштер министрлиги кемелердин бутага алганын четке какты.
Ирандын маалымат каражаттары өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде Кешм аралында, Сирик шаарында жана стратегиялык Бандар-Аббас портунун жанында жарылуулар болгонун жазышты.
АКШнын расмий өкүлдөрү кайсы буталарга сокку урулганын тактаган жок.
Вашингтон экономикалык кысымды калыбына келтирди
Муну менен катар Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги ирандык мунайды сатууга берилген уруксатты кайрадан жокко чыгарды. Мунайга тиешелүү санкцияларды убактылуу токтотуу тараптардын өз ара түшүнүшүү меморандумунда каралган.
Америкалык расмий өкүлдүн "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, бул чечим администрациянын көптөн бери келаткан позициясын чагылдырат. Ага ылайык, экономикалык жардам Ирандын макулдашуунун шарттарын жазбай аткарганына көз каранды.
"Президент Трамп жана администрациясы буга чейин кайталап келгендей, өз ара түшүнүшүү меморандуму жалаң натыйжаларга негизделген. Иран туура багытта аракеттенгенде гана пайда табат", - деп айтты аткаминер.
Ал кошумчалагандай, Тегерандын "Ормуз кысыгында кылган кылыктары Кошмо Штаттар үчүн кабыл алынгыс жана жоопсуз калбайт".
Мунай экспортуна берилген уруксат 21-августка чейин иштемек. Ага ылайык, Иранга чектелген көлөмдөгү кара майды сыртка сатууга жана Ормуздагы кеме каттамын стабилдештирүү аракеттеринин алкагында айрым финансылык операцияларды жүргүзүүгө жол берилген.
Вашингтон кысыктагы кемелерди аткылаган Тегеран милдеттенмелерин бузду деп эсептейт.
Деңиздеги коопсуздукка байкоо салган мониторинг уюмдарынын маалыматына караганда, 5-6-июль күндөрү үч соода кемеси, арасында Катарга таандык газ ташуучу "Ал-Рекайят" танкери кабылган. Учкучсуз учактын соккусунан киийн анын экипажы жардам сураган белги берген.
Региондогу өлкөлөр чабуулдарды айыптады. Катар Иран эл аралык мыйзамдарды бузганы үчүн жооп берерин билдирди. Тегеран бул айыптоону четке какты.
Иран атышпоо макулдашуусун бузганы үчүн АКШны айыптады
Тегеран Вашингтондун дооматын четке кагып, меморандумдун шарттарын бузганы үчүн АКШны айыптады.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги мунай сатууга салынган санкцияны калыбына келтирүү “Исламабад келишиминин” 10-беренесин бузарын билдирди.
Мекеме Кошмо Штаттар “соңку үч жумада макулдашууну чакан жана олуттуу түрдө бузганын” сындады.
Тегеран ошондой эле “улуттук кызыкчылыктарын жана коопсуздукту коргоо үчүн зарыл болгон чара көрөрүн” жана анын кесепеттери үчүн Вашингтон жооптуу болорун эскертти.
Мындан тышкары Иран сөз болгон меморандум Оман менен макулдашылгандан кийин Ормуз кысыгындагы каттамды жандандыруу жана жөнгө салууну Тегеранга жүктөрүн айтып келатат.
Ислам жумуриятынын расмий өкүлдөрү деңиздеги коопсуздукту камсыздоо үчүн төлөм алуу демилгесин колдойт. Алардын айтымында, кемелерди коргоого көп акча кетет.
Бирок Батыштын өкмөттөрү жана тармактык уюмдар транзит үчүн акы алуу сунушун четке кагууда жана мындай ыкма мыйзамдуу кызматка караганда мажбурлап акча чогултууга тете деп эсептешет.
Трамптын соңку билдирүүсүнөн көп өтпөй мунайдын глобалдык рыноктогу баасы 5% кымбаттады. "Брент" маркасынын бир баррели 5,3% өсүп, 78 АКШ долларына сатылып жатты.
Шерине