Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Согуш шартында Иранда нан кымбаттап, жумушсуздук күч алды

Тегерандагы базарда соода кылгандар. 24-март  2026-жыл
Тегерандагы базарда соода кылгандар. 24-март 2026-жыл

Жылдар бою экономикалык санкциялар шартында жашап келген ирандыктардын дасторкону эч канчан нандан кемичү эмес. Азыр дээрлик 90 миллион калк жашаган өлкөдө абал өзгөрдү.

АКШ менен Израил ачкан согуштан улам баа кымбаттап, азык-түлүк тартыш болгондон бери өлкөнүн инфраструктурасы жана өнөр жайы талкаланды, артынан инфляция жана жумушсуздук өстү.

Өкмөт наабайканаларды арзан ун менен камсыздап, субсидия берип тургандыктан нан сатып алууга ирандыктардын чамасы жетчү.

Бирок Тегеран өңдүү аймактарда бир жылдан бери нан эки эсе кымбаттап, бул негизги азыкка жетүү кыйындады.

“Фарда” радиосу сөзгө тарткан Тегерандын тургуну өлкөдөгү экономикалык кризисти сүрөттөп берип, көптөн бери эт албай калганын, кафе-ресторандарда тамактануу өткөн чакта калганын, бир нече айдан бери өзүнө эч нерсе сатып албаганын айтты:

“Абал начар, бирок башкаларга караганда биз жакшыракпыз”.

АКШ менен Иран убактылуу макулдашууга кол коюп, төрт айга созулган атышуу токтогон. Тараптар 60 күн ичинде тынчтык келишимин түзүүгө тийиш.

Дипломаттар туруктуу документтин формулировкасын аныктоого аракеттенип жатканда миллиондогон ирандык экономикалык каатчылык менен алпурушуп, айрымдары күнүнө бир маал тамак жеп калды.

Тегерандагы наабайкана. Архив
Тегерандагы наабайкана. Архив

Нандын баасын бийлик бычат жана кармап турат. Тегеран өкмөтү 23-июнда бааны көтөрүүгө укруксат берди. Муну менен элдин нанды сатып алуу чамасын сактап калуу үчүн субсидиядарды албоо убадасына турган жок.

Нандын баасы айрым провинцияларда эки эсеге кымбаттады. Эң арзан деген лаваш мурда 14 риал ($0.01) турса, учурда 27 риал ($0.02) болуп калды.

Азык-түлүк инфляциясы жогорулап жатат

Тамак-аш бааларынын өсүшү нан менен чектелбейт. Ирандын Статистика борборунун маалыматы боюнча, май айында баалар 130% көтөрүлдү. Инфляция үч ай катары менен жогорулап, дээрлик 58% жетти.

Эл аралык Валюта фондунун прогнозунда өлкөдөгү инфляция быйыл 69% жетери айтылат. Мындай жогору көрсөткүч 1979-жылкы Ислам революциясынан бери каттала элек болчу.

Жылдар бою Ирандын экономикасы АКШнын санкцияларынан жана өкмөттүн начар башкаруусунан жапа чегип келди. Январда улуттук валютанын куну кескин качканда жапырт нааразылык акциялары тутанган.

Бир нече жумадан кийин эле АКШ менен Израил урган соккулар энергетикалык жана транспорт инфраструктураларын толугу менен же жарым-жартылай жок кылды. Өнөр жай тармагынын маанилүү жайлары бомбаланганда ички өндүрүш үзгүлтүккө учурады, аркасынан незизги азык-түлүктүн баалары өстү.

АКШ өлкөнүн порттору менен кемелерине каршы киргизген блокада кирешенин маанилүү бөлүгү болгон мунайдын экспортуна залакасын тийгизди. Экинчи жагынан Тегеран өкмөтү бир нече айга интернетти өчүргөнү бир топ ишканалар менен элге чоң сокку болду.

Минималдуу маяна 100 долларды түзгөн шартта ирандык үй-бүлөлөр экономикалык каатчылыкты жон териси менен сезүүдө.

Donya-e Eqtesad гезитинин баяндамасында, төрт кишиден турган үй-бүлө кирешесинин 70 пайызына жакынын негизги азык-түлүккө коротот.

Баалар асмандады

Тегерандын дагы бир жашоочусу курбусу, жалгыз бой аял, батир ижарасын төлөй албай калганда ата-энесинин үйүнө көчүп барууга аргасыз болгонун айтып берди:

“Тапкан акчасынын бардыгын тамак-ашка, эң зарыл нерселерге жумшайт. Баласына жадакалса бир оюнчук алып берүүгө чамасы жетпейт”.

Тегерандагы базар. 20-январь 2026-жыл
Тегерандагы базар. 20-январь 2026-жыл

Хоссейн аттуу наабайчынын айтымында, нандын кымбатташына ижара акысынын жана комуналдык тейлөөнүн баасынын өсүшү алып келди.

“Силер бир тарабын эле көрүп жатасыңар. Бардыгы жүз эсе кымбаттады”, - деп айтып берди “Фарда” радиосуна тегерандык Хоссейн.

Экономист Жавад Рахимпур экономиканын азыркы абалы структуралык кыйроону чагылдырарын белгилейт:

Анын пикиринде, өнөр жай ишканаларынын чыгашасынын өсүшү кардарлардын моюнуна жүк болот. Адис муну “натыйжасыз башкаруунун” кесепети деп атайт.

Рахимпур АКШ менен түзүлгөн макулдашуу абалды убактылуу жеңилдетиши мүмкүн, бирок Ирандын экономикалык жана соода системасы келишимге карабай “терең реструктуризацияга муктаж” деп эсептейт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG