АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) билдирүүсүнө ылайык, Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер 7-июлдун кечинде Ирандагы объекттерге сокку ура баштады.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин Иран Ормуз кысыгы аркылуу бара жаткан үч кемеге чабуул койгон. CENTCOM Иранды ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптады.
Азырынча кайсы объекттер бутага алынганы белгисиз. Мониторинг жүргүзгөн каналдар Ирандын түштүк жээктеринде жарылуулар болгонун билдиришти.
Буга чейин шейшемби күнү АКШнын Каржы министрлиги иран мунайын сатууга коюлган чектөөлөр кайра кайтарылганын жарыялаган. Бул чектөөлөр июнь айынын ортосунда АКШ менен Ирандын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан кийин эки айлык мөөнөткө алынган болчу.
Меморандум Иран февраль айынын соңунан бери бөгөттөп келген Ормуз кысыгын ачууну жана иран мунайын санкциялык режимден чыгарууну караган. Эки ай ичинде тараптар куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча акыркы келишимге келиши керек деген шартты дагы камтыган. Бирок, азырынча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек, ал эми Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер өз каттамдарын иран бийлиги менен макулдашуусу керек деп өжөрлөнүп талап кылууну улантууда.
7-июлда эртең менен Ормуз кысыгында белгисиз снаряд тийгенден кийин суюлтулган газды ташыган Al Rekayyat танкери өрттөнгөн. Bloomberg агенттигинин маалыматында, Катардын мамлекеттик Nakilat кеме компаниясына таандык кеме Маршалл аралдарынын желеги астында сүзүп жүргөн.
Иран кемеге жасалган чабуул тууралуу расмий комментарий бере элек. Бирок Associated Press агенттиги белгилегендей, Ирандын мамлекеттик телеканалынын билдирүүлөрүнөн танкерге кол салууну ирандык аскерлер жасашы мүмкүн деген жыйынтык чыгарууга болот.
Axios басылмасы да америкалык эки чиновникке шилтеме берүү менен, дүйшөмбү күнү кечинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан коммерциялык кемелерге кеминде эки ракета тийгенин жазган.
Өткөн аптада Ирандын Бириккен аскерий командачылыгы кысык аркылуу өткөн бардык мунай танкерлери бекитилген каттамдарды колдонууга тийиш экенин, ал эми АКШнын кийлигишүүсү "тез жана чечкиндүү жооп кайтарууну жаратарын" эскерткен.
Шерине