Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Казакстан менен Өзбекстанга кайрылуусуна жооп алганын 8-июлда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өзбек бийлиги Кыргызстанга май сатууга оң жооп берди. Кыргыз өкмөтү казак бийлигинен жооп күтүүдө.
"Мен бул боюнча Ирандын жана Түркмөнстандын бул жактагы элчилери менен да сүйлөштүм. Бул багытта бардык аракеттерди көрүп жатабыз", – деди Алтынбек Рысбеков.
Энергетика министрлиги июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин, алгачкы келишимдер түзүлүп, жеткирүү башталганын 7-июлда “Азаттыкка” билдирген.
Украинага кол салган Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды. Буга байланыштуу базарда күйүүчү-майлоочу май өндүрүү кыскарып, бензин жана дизел тартыштык жаралган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды.
Күйүүчү-майлоочу майды негизинен Орусиядан ташып келген Кыргызстандын өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланары маалымдалган.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)
Шерине