Өзбекстанда колдонуудагы латын арибин өзгөртүү сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алып, Сенаттын кароосуна жөнөттү.
Мыйзам долбоорунун авторлору айрым тамга айкаштарынан баш тартууну сунушташты. Натыйжада азыркы 26 тамга жана үч тамга айкашынын ордуна алфавит 28 тамгадан жана бир апострофтон турат.
Сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүлөр:
Gʻ → Ğ;
Oʻ → Ö;
Sh → Ş;
Ch → Ç;
ng тамга айкашын алфавиттен алып салуу сунушталууда. Өзгөртүүлөр Сенат мыйзам долбоорун жактырып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Мыйзам долбооруна ылайык, жаңыланган алфавитке өтүү баскыч-баскычы менен ишке ашырылат. Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген документтер, улуттук валюта, баалуу кагаздар, мамлекеттик органдардын көрнөк-жарнактары, жол көрсөткүчтөрү жана расмий белгилери белгиленген мөөнөткө чейин жарактуу бойдон калат.
Парламенттин маалыматына ылайык, мындай ыкма мамлекеттик органдар жана мекемелер колдонгон документтерди, бланктарды, көрнөк-жарнактарды, жол көрсөткүчтөрдү жана башка материалдарды дароо алмаштыруунун зарылдыгын жокко чыгарат. Натыйжада бюджеттик каражаттардын негизсиз сарпталышынын алдын алып, мамлекет үчүн каржылык жактан алгылыктуу, баскыч-баскычы менен өтүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мыйзам долбоору коомдук талкуусуз кабыл алынды. Алгач парламенттин төмөнкү палатасынын расмий билдирүүсүндө алфавитке кандай өзгөртүүлөр сунушталып жатканы ачык көрсөтүлбөгөндүктөн, мазмуну белгисиз бойдон калган.
Мындан тышкары, пленардык жыйын парламенттин төмөнкү палатасынын расмий сайтында гана түз көрсөтүлдү. Ал жерде эфирдин жазуусун көрүү мүмкүн эмес. Мурда мындай жыйындар YouTube платформасында да түз эфирде көрсөтүлчү. Бирок парламенттин төмөнкү палатасы Сенаттан айырмаланып, бул платформа аркылуу түз көрсөтүүлөрдү жүргүзүү тажрыйбасынан баш тарткан.
Шерине