Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Жаңы токтомго ылайык, 2023-жылкы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомдогу ички базардагы бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди чыгарды. Бул компаниялар аталган товардын өздүк наркынын кымбаттоосуна байланыштуу анын баасын көтөрүүгө укуктуу дегенди түшүндүрөт.
Өкмөт өз чечимин “экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” максаты менен түшүндүргөн.
Социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде товарлардын 16 түрү бар. Баасы убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизел майы мурдагыдай эле сакталып калууда.
Украинага кол салган Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды. Буга байланыштуу базарда күйүүчү-майлоочу май өндүрүү кыскарып, бензин жана дизел тартыштык жаралган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды.
Күйүүчү-майлоочу майды негизинен Орусиядан ташып келген Кыргызстандын өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланары маалымдалган.
Энергетика министрлиги июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин, алгачкы келишимдер түзүлүп, жеткирүү башталганын 7-июлда “Азаттыкка” билдирген.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)
Шерине