Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Лукашенко Кытайга эмне үчүн барды?

Коллаж: Лукашенко, Путин, Си.
Коллаж: Лукашенко, Путин, Си.

Лукашенко Путин менен жолуккандан кийин эмне үчүн Кытайга барды?

29-июнда Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен Бээжинде жолугушту. Бул сапар тууралуу алдын ала айтылган эмес. Лукашенко Бээжинге Орусиянын президенти Владимир Путин менен Валдайда жолуккандан кийин сапар тартты.

Мындан тышкары, Лукашенко менен Путиндин Валдайда эки күн бою эмнени сүйлөшкөнү белгисиз. Талкууланган темалардын бири Минскинин Украинага каршы согушка катышуудан баш тартышы болушу мүмкүн. Жолугушуу алдында Лукашенко Путинден Беларусту согушка аралаштырбоону өтүнгөн.

Айрым маалымат каражаттары болжолдогондой, Лукашенко Путинге Киевден кабар ала келиши мүмкүн. 29-июнда Insider UA Украинанын президентинин кеңсесиндеги ишенимдүү булактарына таянып, Владимир Зеленский беларус лидери аркылуу Владимир Путинге тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунушташы мүмкүн экенин жазды. Бирок Кремл Путин эч кандай билдирүү албаганын жарыялады.

Лукашенко эмне үчүн Си менен жолугууга барды? Биринчиден ал, колдоо күтүшү мүмкүн: Бээжин дайыма Москва жана Киевге сүйлөшүү үстөлүнө отурууну сунуштап келет. Бул маселени акыркы жолу Кытайдын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынындагы туруктуу өкүлү Сунь Лэй айтып чыкты.

Орусия – Кытай – Беларус үчилтигине байланыштуу ушул жана башка маселелерди "Свобода" радиосу кытай таануучу Алексей Чигадаев жана саясат талдоочу Екатерина Глод менен талкуулаган.

Кремл Беларуска басымды күчөтүп, анын аймагын Украинага жана НАТО өлкөлөрүнө каршы диверсиялык аракеттер үчүн плацдарм катары пайдаланууга аракет кылууда.

Бул тууралуу The Wall Street Journal орусиялык жана европалык аткаминерлерге шилтеме берип жазды. 2022-жылы Орусия Беларустун аймагын Украинага кол салуу үчүн колдонгон. Кийинчерээк ал жакка Орусиянын өзөктүк куралдары жайгаштырылган. Эми Москва Беларустун аймагынан Украинага каршы дрондорду учурууну көздөп жатат. Басылманын маалыматында, Орусия муну менен украин армиясын негизги багыттардан алаксытып, күчүн башка жактарга бөлүүгө мажбурлоо.

Алексей Чигадаев Александр Лукашенконун Кытайга сапары жана анын Си Цзинпин менен жолугушуусу алдын ала пландалган деп эсептейт. Бирок Лукашенко экономикалык келишимдерге жетишүүнү эле эмес, кытай лидеринен колдоо да күткөнүн айтууда.

"Саясий өңүт абдан маанилүү. Кытай Беларустун суверенитетин колдой турганын билдирди. Ошол эле учурда бул Орусияга "Беларуска тийбежана аны өз курамыңа кошууга аракет кылба" деген белги болду. Кытай Украинага дагы белги берип, кокус Беларуска сокку урулса, аны өнөктөшүнө кол салуу катары кабыл аларын ишарат кылды. Окуянын экономикалык тарабы дагы маанилүү. Кытай "Бир алкак-бир жол" демилгеси тууралуу бир канча жолу айтты. Беларус Бээжин үчүн логистикалык маанилүү түйүн. Европага кытай товарлары Беларус андан ары Польша аркылуу өтөт. Зеленский менен пикир келишпестик же Беларус менен Европанын чек арасындагы туруксуздук Кытайдын товар ташуусуна терс таасир этет.

Алексей Чигадаев
Алексей Чигадаев

Бул дагы Кытайдын Лукашенкого жеткирүүгө аракет кылган маанилүү белгилеринин бири. Бул жерде Александр Лукашенко колдо бар мүмкүнчүлүгүн кантип пайдаланат деген суроо туулат. Ал чындап эле Путинге барып "Карачы, мени менен эсептешүүгө туура келет, анткени менин артымда Кытай турат" деп батыл айта алат.

Ошол эле аргументтер менен ал Польшага жана Европа Биримдигине кайрылышы мүмкүн. Муну менен катар Владимир Зеленскийге дагы "Кытай менен мамилени бузгуң келбесе, мага кол салба" деп айтууга аракет кылышы мүмкүн. Александр Лукашенко - өзгөчө саясатчы. Аны көбү жактырбайт, бирок ошого карабастан ал кимдин болбосун ичи-коюнуна кирип, бийликте узакка калуунун эбин таап келет", - дейт кытай таануучу Алексей Чигадаев.

Кремл Беларусту Украинага каршы согушка тартып жатканын төгүндөп келет. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дагы айткан.

Анткен менен саясат талдоочу Екатерина Глод Беларус Украинага каршы согушта Москваны колдоп келгенин айтты:

Орусия радарларын жайгаштырып, тагыраагы Беларустун аймагын аскердик плацдарм катары пайдаланганы сыр эмес.

"Минск бул согушка белгилүү деңгээлде тартылган жана Орусияга көп багытта жардам берип келет. Биринчи кезекте бул коргонуу өнөр жайына байланыштуу. Анткени Минск Москвадан аскердик буюртмаларды алып турат. Мындан тышкары логистикалык колдоо көрсөтөт, орусиялык учактарды оңдойт, аскердик кийим-кечелерди тигет, темир жол жана аба каттамдары аркылуу жардам берет. Башкача айтканда, Минск бул согушка кыйыр түрдө болсо дагы катышууда. Орусия радарларын жайгаштырып, тагыраагы Беларустун аймагын аскердик плацдарм катары пайдаланганы сыр эмес.

Беларус саясат талдоочусу Екатерина Глод
Беларус саясат талдоочусу Екатерина Глод

Си Цзинпиндин Беларусту колдогону Лукашенкону Владимир Путинге лоялдуу бойдон калган милдеттен бошотпойт. Негизи, Кытайдын суверенитети жана көз карандысыздыкты колдогон билдирүүлөрү Беларуска гана эмес, башка өлкөлөргө дагы тиешелүү. Ошондуктан мен бул билдирүүгө анчалык деле маани бербейм, бирок азыркы кырдаалда анын символикалык мааниси бар. Андан да маанилүүсү - Лукашенко Путинден көз каранды болбой коё албайт. Менимче, Кытай муну абдан жакшы түшүнөт жана ушул жагдайда кыйла акылдуу саясат жүргүзүүдө. Ал Лукашенкону риторикалык деңгээлде колдойт. Бирок эгер Орусия же Владимир Путин Лукашенкого басымды күчөтүүнү кааласа, анда Кытай Беларустун көз карандысыздыгынын кепили болуп чыгат же Лукашенко таянган негизги оюнчуга айланат деп ойлобойм", - дейт саясат талдоочу Екатерина Глод.

2025-жылдын март айында АКШ "Белинвестбанкты", Беларус өнүктүрүү банкын, Беларустун Финансы министрлигин, "Беларуськалий" жана "Белорусс калий компаниясын" санкциялык тизмеден чыгарган. Мунун ордуна беларус бийлиги 250 саясий туткунду бошоткон.

Саясат таануучу Екатерина Глод бул келишим Лукашенконун режими үчүн пайдалуу деп эсептейт.

Беларус бийлиги элди Лукашенко легитимдүүлүгүн сактап жатат жана дүйнөлүк аренада маанилүү оюнчу деп ишендиргиси келет.

"Лукашенко Батыш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен Путинге эки белги берүүдө. Биринчиден, Лукашенко санкциялардын кесепеттерин жеңилдетүүгө экөөбүзгө тең пайдалуу. Батыш санкцияларды кантип алып саларын жана анын натыйжасы кандай болорун Беларустун мисалында көрүүгө болот деп түшүндүрүүгө аракет кылат. Экинчиден, менимче, Лукашенко мындай байланыштар ага Беларустун ичиндеги өзүнө карата элдин колдоосун сактап калууга керек экенин айтып жатат. Бизге белгилүү болгондой, 2020-жылдан кийин постсоветтик мейкиндиктеги көптөгөн лидерлер деле Лукашенкону толук кандуу президент катары кабыл албай калышкан. Мындай шартта Батыш менен байланыш түзүү, Дональд Трамп же Эммануэл Макрон сыяктуу таасири күч саясатчыларынын ага телефон чалганы маанилүү. Булар аркылуу беларус бийлиги элди Лукашенко легитимдүүлүгүн сактап жатат жана дүйнөлүк аренада маанилүү оюнчу деп ишендиргиси келет.

Александр Лукашенко жана Владимир Путин
Александр Лукашенко жана Владимир Путин

Ошол эле учурда мен Путин Лукашенкого таасир этүүчү рычагдарын жоготуп жатат деп ойлобойм, анткени Лукашенконун режиминин жашап кетиши толугу менен Кремлге көз каранды. Владимир Путин Лукашенкодон эл аралык деңгээлде колдоо күтөт. Муну менен катар Беларусту коргонуу жана тышкы саясат маселесинде Орусиянын көчүрмөсү катары көргүсү келет жана Москванын позициясын колдошун каалайт. Путин ошондой эле Беларустан Орусияга коргонуу өнөр жайына байланышкан санкцияларды айланып өтүүгө жардам берүүнү уланта беришин күтөт. Балким, Орусия үчүн Беларус юридикалык жактан көз карандысыз мамлекет бойдон калган күндө да, толугу менен Орусиянын таасиринде сакталып калганы маанилүү. Биз Беларустун Батышка белги берүүчү плацдарм жана Орусиянын бекем тылы катары колдонулуп жатканын көрүп жатабыз", - деп эсептейт саясат талдоочу Екатерина Глод.

Куржундар
XS
SM
MD
LG