“Эхо” басылмасынын мааалыматында, Васильев тергөө абагында бир жыл, эки ай отургандан кийин 12-июнда бошотулган. Басылма ал мурда соттолгонун, бирок өкүм тууралуу маалымат ачык айтылбаганын жазды.
Маалыматка караганда, Виктор Васильев кыргыз бийлигинин аны өлкөдөн чыгаруу чечимине каршы арызданууну көздөп жатат. Бул боюнча расмий комментарий айтыла элек. Бишкек шаардык соту иште купуя гриф болгондуктан жабык каралганын жана башка комментарий болбой турганын "Азаттыкка" билдирди.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “жалданмачылык” ишине байланыштуу былтыр 17-апрелде Ошто төрт адамды кармап, Бишкекке алып келген. Атайын кызмат расмий маалымат тараткан эмес. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоо жөнүндөгү маалыматынан кийин белгилүү болгон.
Журналисттер кармалгандар арасында Ош мэриясынын кызматкери Сергей Лапушкин, “Россотрудничество” агенттигине караштуу “Орус үйүнүн” Оштогу кеңсесинин кызматкери Наталья Секерина бар экенин аныкташкан. Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышкан.
Васильев кандай жагдайда эркиндикке чыкканын жана соттун өкүмү кандай болгону азырынча белгисиз. Бишкек шаардык соту иш жашыруун болгондуктан, башка маалымат берилбей турганын билдирди. Тек гана орусиялык блогердин ишине байланыштуу "апелляциялык арыз мартта шаардык сотто каралып, кайра районго жөнөтүлгөнү" айтылды.
Бирок бул соттун аны өлкөдөн чыгаруу чечимине каршы арызыбы же кармалышына байланыштуубу айтылган жок.
Орус бийлигине жакын Mash Телеграм-каналы жазгандай, Виктор Васильев өлкөдөн чыгаруу боюнча соттун чечимине каршы даттанып, Кыргызстанда калып, диссертациясын жактоо үчүн Кыргыз-Орус Славян университетиндеги окуусун улантууну көздөп жатат.
Бул маалыматтардан улам айрым жергиликтүү активисттер блогердин Кыргызстанда калышына жол бербөө керектигин жазып чыгышты.
Кыргызстандык журналист Адил Турдукулов Z-блогер Виктор Васильевдин эркиндикке чыгышына Орусиянын Кыргызстанга таасири себеп болушу мүмкүн деген пикирде:
"Жалданмачылык жана биздин жарандардын чет мамлекетте согушка катышып жатканы биздин мыйзамдар боюнча чоң кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан Виктор Васильевдин, муниципалдык кызматкердин жана “Россотрудничество” агенттигине караштуу “Орус үйүнүн” кызматкеринин кармалышы чоң прецедент болду. Булар кармалган жылдан эле эмес, согуш башталган учурдан тартып жалданмачылыкка аралашкан болушу ыктымал. Ошондуктан атайын кызмат мындай иштер Кыргызстанда болбой турганын так көрсөттү жана бул Орусия тарапты сестентти. Ал эми анын бошогону - бул Орусиянын таасири, биздин аларга көп нерседен көз каранды экенибизди көрсөтөт. Аларга мыйзам толук кандуу иштебей жатканынын уландысы катары карасак болот. Экинчиден, алданмачылык токтогон жок. Тескерисинче, мындай жарнамалар көбөйүп, кыйыр түрдө оккупацияланган аймактарды оңдоо иштерине жумушчуларды издөө шылтоосу менен адамдарды согушка алып барып жатканы, жалданмачылык кенен тараганын көрүп эле жатабыз", - деди Турдукулов.
Азырынча Васильевдин өзү жана адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Блогердин мурдагы адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев Васильевдин ишинде негиздүү далилдер болбогонун айтып, соңку чечимдер тууралуу маалыматы жоктугун билдирди. Анын айтымында, орусиялык блогер бир гана адамдын көрсөтмөсү менен камалган. Кармалган төрт кишинин бирөөнүн иши өзүнчө бөлүнүп алынган экен. Ал ким экени айтылган жок.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Васильевдин Орусиядагы жалданма аскерлердин “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү, маркум Евгений Пригожиндин түзүмүндө саясий технолог катары иш жүргүзгөнүнө жана өмүр баянында талаштуу жагдайлар көп экенине көңүл бурушкан. Орусиялык медиа аны "эксперт", "саясат таануучу" жана "африканист" катары сыпатташкан. "Свобода" радиосу менен "Настоящее время" каналынын "Система" долбоорунун, The Insider, "Досьенин" буга чейинки биргелешкен иликтөөсүндө Васильевдин ысымы аталган.
The Insider басылмасынын жана “Досье” борборунун маалыматында, Виктор Васильевдин чыныгы, 2018-жылга чейинки фамилиясы Луковенко болгон. Ал 2011-жылы “Орус маршы” деп аталган жүрүш күнү шри-ланкалык адамды өлтүрүүгө айыпталып, сегиз жылга соттолгону маалымдалган. Абакта беш жыл отургандан кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.
Би-Би-Синин орус кызматы Луковенко “Вагнер” түзүмүндө саясий технолог болгонун, Африкада иштегенин жазган. Ал Украинада да иш алып барганы жөнүндө маалыматтар чыккан.
Фамилиясын Васильев кылып өзгөрткөн бул адам Борбор Азияга, Кыргызстанга качан келгени белгисиз. Анын Фейсбуктагы баракчасында өлкөнүн түштүгүндө түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Meduza порталынын жазышынча, Виктор Васильев "Улыбаемся и машем" деп аталган Телеграм-каналдын негиздөөчүсү.
Кыргызстандык активист Урмат Жаңыбаев Васильев интернеттин кыргыз сегментинде, социалдык тармактарда иш алып барган “Салам, Кыргызстан!” баракчасынын редакторлорунун бири болгонун жазган.
Ошол кезде Кыргызстандагы жалдануу ишине Орусиянын бийликчил маалымат каражаттары, саясатчылары да катуу көңүл бурушкан.
"Орус үйү" долбоорун каржылаган “Россотрудничество” агенттигинин башчысы Евгений Примаков бул ишке айыпталып камалгандардын бири Наталья Секеринага козголгон ишти "чагым" деп атап, кыргыз коомчулугунун сынына кабылды. Ал Телеграмдагы баракчасына "өз кызматкерин бошотуп аларын" да жазган.
Буга удаа Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, анда өлкөдө “жалданмачылыкка” шек саналып кармалгандар тууралуу да сөз болгон.
Азыр бул иш боюнча кармалган үч киши тууралуу маалымат айтылган жок.
Шерине