Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

"Тил патрулдарынын жазгы оорусу". Орус элчилигинин билдирүүсү эмнени каңкуулайт?

Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имараты
Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имараты

Орусиянын Бишкектеги элчилиги “Кыргызстанда орус тилине байланыштуу айрым саясий ишмерлер чагымчыл билдирүүлөрдү таратып жатат” деп билдирүү таратты. Анда өлкөдө “тил патрулдары” деп аталган көрүнүш күчөгөнү айтылат.

Элчилик мындай көрүнүш Кыргызстандын мыйзамдарына жана эки тараптуу кызматташтыкка туура келбей турганын белгилеген. Билдирүү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрымдар муну опуза катары кабыл алып, расмий Бишкек реакция жасоого тийиш экенин жазууда.

Орус элчилигинин билдирүүсү

Орусиянын элчилиги өткөн жуманын соңунда Кыргызстандагы орус тилинин абалына байланыштуу чагымчыл билдирүүлөргө көңүл бурганын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялады. Анда “тил патрулдары” деп аталган топтордун “жазгы оорусу” күчөгөнү белгиленген.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 1-2-пункттарына ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий макамга ээ экенин эске салган.

“Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө өз эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү укугу кепилденет. Мамлекет ар бир жарандын мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жалпы орто билимге чейин мамлекеттик, расмий жана бир чет тилди үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт. Конституцияга ылайык, мамлекет Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүүгө кам көрөт, адам укуктарына каршы келбеген салттарды жана үрп-адаттарды сактайт, тарыхый, материалдык жана руханий мурастарды коргойт, этностор аралык жана диндер аралык ынтымакты камсыз кылат”, - деп жазылган билдирүүдө.

Элчилик социалдык тармакта айрым адамдардын билдирүүлөрүнүн Орозо айында тарашы өлкөнүн Баш мыйзамын каралоого, мамлекеттик түзүлүштү алсыратууга жана улут аралык кастыкты козутууга алып келерин кошумчалаган. Мындай мамиле тарых, маданий, руханий баалуулуктар менен бириккен боордош элдерге, эки өлкөнүн стратегиялык жана өнөктөштүк мамилесине жат деп мүнөздөгөн.

Элчилик билдирүүдө конкреттүү адамдардын ысымдарын жана кайсы бир учурду атабай жалпылап эскертүү берген. Мындан улам элчиликтин билдирүүсүн социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай мааниде чечмелешүүдө.

Буга чейин Бишкектеги коомдук жайларда орус тилинде тейлөөгө нааразы болгон бир катар видеолор жарыяланган. Социалдык тармактын колдонуучулары мындай учурда кызуу реакциясын билдирип келет.

Тил маселесин дайыма көтөргөн блогер Айтилек Орозбеков соңку видеосунда коомдук жайда "кыргыз тилин билүүгө милдеттүү эмесмин", "орус тилинде баары сүйлөшү керек" деп сүйлөгөн адамдардын видеосун жарыялаган.

Айтилек ага чейин "Куликов" дүкөнүнүн сатуучусу менен ушундай маанайда чырдашкан. Кийин соода үйү менен элдешип, блогерге каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.

"ТИМ жооп берүүгө тийиш"

Орозбековдун соңку видеосунан кийин юрист Илим Карыпбеков өзүнүн YouTube каналы аркылуу кайрылуу жасап, бизнес жана тейлөө жаатында кызмат көрсөтүү кыргыз тилинде дагы болушу керектигин белгилеген.

Илим Карыпбеков элчиликтин өз эне тилинде тейлөөнү талап кылгандарды "тил патрулдары" деп атаганын опуза катары баалады. Ал соңку билдирүүгө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

"Кыргызстанда туулуп, кыргыз тилинде окуп, сүйлөп келген адам кайсы бир кызматтарды кыргыз тилинде алууга укуктуу. Бул эки Кызмат пайдалануучулар жана Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдарда так көрсөтүлгөн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мен эртең азык-түлүк алыш үчүн дүкөнгө барып кыргызча сүйлөсөм, ошол жердеги адамдар мени кыргызча тейлөөгө милдеттүү. Конституцияда орус тили расмий тил катары көрсөтүлгөн, макамы бар. Орус тилин жакшы көрөбүз, сыйлайбыз, мамлекеттик кызматтарды алабыз. Бирок ошол эле учурда кыргыз тили - мамлекеттик тил, макамы жогору. Ошондуктан кайсы бир адам келип, кыргызча кызмат кылууну сураса, аны "тил патрулу" деп атап, дискриминация катары кароого болбойт. Мен ТИМ буга кандайдыр бир реакция кылат деп үмүттөнөм".

Кыргызстанда соңку жылдары кыргыз тилине байланыштуу маселе көтөрүлгөн сайын Орусияда терс маанайды жаратып келет. 2022-жылы Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүү демилгесин Мамдуманын айрым депутаттары “орус тилин кодулоо” катары сынга алышкан.

2023-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү реакция жасаган. Алар бул мыйзам "демократияга туура келбесин жана орус тилдүүлөргө кыйынчылык жаратышы мүмкүн экенин" айтышкан.

Президент Садыр Жапаров мындай билдирүүлөргө өлкөдө эки тил бирдей шартта колдонулуп келатканын, эч кандай маселе жаралбасын айтып, жооп узаткан.

Бирок ошол эле маалда Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын өзүндө орус тилин билбегендерге талаптар катуулаганы маалым. Өткөн жылы мигранттардын балдарын “орусча жетиштүү билбейт” деген негизде мектепке кабыл албай койгон учурлар катталган.

Мына ушундай көрүнүштөрдү эске салган жарандык активист Адил Турдукулов элчиликтин бул билдирүүсүнө "постколониалдык, постимпериялык синдром" жана кош стандарттуулук деп баа берди.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Бул үстүртөн карап, бизге буйрук бергендей, Баш мыйзамыбызды өзүбүзгө үйрөткөндөй болуп калды. Муну өтө кооптуу белги катары бааласак болот. Москва мындай саясатты мурдагы союздук мамлекеттердин баарына жүргүзүп жатат. Украинага, Молдова же Грузияга “орус тилдүүлөргө басым жасап жатасыңар” деген маанайды, керек болсо аларга аскерлердин кириши да тилден башталган. Бул жерде кош стандарттуу мамиле да болуп жатат. Орусия дипломаттарды үйүнө чейин кирип барып уруп-согуп, биздин балдарды окутпай, кыргыз тилинде сүйлөтпөй, орус тилин билбесең жашоо мүмкүн эмесин туюнтуп келет. Өздөрү ошондой саясат жүргүзүп жатып, бизге акыл үйрөткөнү кош стандарттуулук. Буга жол бербешибиз керек. ТИМ реакция жасап, нота жөнөтүп, керек болсо орус элчисин чакыртып, мындай билдирүү туура эмес экенин ачык дагы, көшөгө артында дагы билгизип койгонун мамлекеттин парзы деп билем”.

Орусиянын элчилигинин билдирүүсүнө азырынча Тышкы иштер министрлиги же башка расмий органдар үн ката элек. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бул боюнча пикирин билдирген жок.

Журналист Миржан Балыбаев орус элчилигинин билдирүүсүнө мамлекеттик деңгээлде жооп берүүнүн кажети жок деп эсептейт.

Миржан Балыбаев
Миржан Балыбаев

“Билдирүүнү Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары бааласак болот. Конституцияны өзү каалагандай чечмелеп жатат. Ошол эле учурда Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик тил экени жана ага бардык жерде артыкчылык берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Биринчи кезекте кыргыз тилинде жооп берүү, тейлөө керектиги Конституциябызда так, даана жазылган. Орус тили – бул улуттар аралык мамиле. Бирок ага артыкчылык берилбейт. Статусу расмий тил деп турат. Ушуну менен баары айтылган. Мындай билдирүү жасардын астында ойлонушу керек болчу. Ошол эле Фейсбуктагы билдирүүсүнүн астын карасаңар деги бир колдоп, туура деген эч ким жок. Жеке менин пикиримде, чоң маани берип, ТИМдин деңгээлинде жооп бериштин кажети деле жок. Аны менен биз маселеге өтө чоң маани берип, актангандай болуп калышыбыз мүмкүн. Анын ордуна саясатчы болобу же коомдук ишмерби, салмактуу жооп берсе дурус болмок”.

Кыргызстанда 2023-жылы жай айында мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү зарыл.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, менчиктин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү.

Мыйзамдын 17-беренесинде жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү (класстан класска) көчүрүү экзамендери киргизилери көрсөтүлгөн.

Соңку статистикага таянсак, Кыргызстанда 260 мектеп жалаң орус тилинде, 576 мектеп кыргыз-орус тилинде билим берет.

Шерине

XS
SM
MD
LG