Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Шеримкулов Кыргызстандагы жер-суу аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан орусиялык депутаттарга жооп берди


Медеткан Шеримкулов Элдик курултайда. 2018-жыл.
Медеткан Шеримкулов Элдик курултайда. 2018-жыл.

Легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов кыргыз тилин билүү зарылчылыгы, жергиликтүү энчилүү аталыштарды кыргызчага алмаштыруу мезгил талабы экенин билдирди.

Экс-спикер бул тууралуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган жыйында айтып, Кыргызстандагы райондордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан орусиялык депутаттарга жооп берди.

"Кыргыз тили, кыргыз тилинин мааниси тууралуу сөз болсо эле Москвадан "Украинада эмне болгонун унуттуңарбы?" деген эскертүүлөр айтыла баштайт. Урматтууларым, Украинаны жайына койгула, алар биздин достук-туугандык мамиледеги эл, өлкө. Украина менен Орусиянын мамилеси - алардын маселеси. Өткөн курултайда биздин спикер Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуш кылганда Мамлекеттик Думанын депутаты (Журова -ред.) Кыргызстанды "Украинанын жолу менен баратасыңар" деп коркутту. Андай болсо эмне үчүн өзүңөр Екатеринбург деп атадыңар? Лениндин эстелиги кана? Бизде Лениндин эстелиги өкмөт үйүнүн алдында турат. Биз тарыхты унутпайбыз. Бизди Украина менен салыштырбаңыздар", - деди.

Шеримкулов кыргыз тилин күчтөндүрүү, жер-жерлердин аттарын кыргызча аталыштарга өзгөртүү маселеси бүгүнкү бийликтин эркиндеги жана колундагы иш экенин белгиледи.

Ал 1989-жылы али кубаттуу СССР турган кезинде кыргыз тилине мамлекеттик макам берүү демилгесин көтөргөнүн, ошол кезде да айрымдар Москвадан чочулап, буга катуу каршы чыкканын, ошого карабай жаштардын күчү менен кыргыз тилине мамлекеттик макам берүү тууралуу мыйзам кабыл алынганын эскерди.

Медеткан Шеримкулов кыргыз тилин билбеген жарандарды мамлекеттик кызматка койбоо демилгесин колдоого алып, кыргыздар эң ириде кыргыз тилин билиши мезгил талабы деп белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев былтыр Элдик курултайда улуттук тил маселесин козгоп, өлкөдөгү айрым аймактардын аталышын тез арада кыргызчалатуу зарыл экенин айткан. Анын бул сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары Кыргызстанда "орус тилин кодулоо болуп жатат" деп баа берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG