Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Иштамберди кениндеги кар көчкүдө төрт киши жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айыл аймагына караштуу Иштамберди алтын кенин иштеткен ишкананын жатаканасын кар көчкү басып, төрт киши жараат алды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Абалы оор болгон бир жаран Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Тактоо иш-чараларын жүргүзүү максатында министрликтин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жерине чыгып кетти.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган.

ӨКМ аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирди. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG