Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Акордо: Токаев менен Зеленский гуманитардык байланыштарды талкуулады


Ыктыярчылар Казакстандан Украинага алып келинген унаадан түндүк жана боз үйдүн башка бөлүктөрүн түшүрүп жатышат. Сүрөттү тарткан Марат Дарменов
Ыктыярчылар Казакстандан Украинага алып келинген унаадан түндүк жана боз үйдүн башка бөлүктөрүн түшүрүп жатышат. Сүрөттү тарткан Марат Дарменов

Казакстан менен Украинанын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Зеленский 16-февралда телефондон сүйлөшүп, гуманитардык байланыштарды талкуулады.

Сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен болгонун Акордо кабарлады.

"Касым-Жомарт Токаев Казакстандын БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде Орусия менен Украина ортосундагы куралдуу кагылышууну дипломатиялык жол менен чечүү боюнча Казакстандын позициясын ырастады", - деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкөнүн президенттери буга чейин былтыр ноябрда телефондон сүйлөшкөн. Зеленский президент болуп кайра шайланганы үчүн Токаевди куттуктаган.

Эки өлкө башчыларынын бул жолку телефондук сүйлөшүүсү орус армиясынын Украинанын шаарларына кол салуусу жана казакстандыктар украиндерге жардам көрсөтүп жаткан учурга туш келди. Жыл башынан бери казакстандык ыктыярчылар Украинага жөнөтүү үчүн боз үйлөрдү, сандыктарды, генераторлорду жана башка нерселерди чогултуп жатканы тууралуу маалыматтар бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG