Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

ӨКМ аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирди


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Калың кар жааганына байланыштуу Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолу 16-февралда убактылуу жабылганын “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошол эле күнү Нарын облусундагы Казарман – Актал – Чат жолундагы Карагөө ашуусу да жабылганы кабарланды.

17-февралда Жумгал районундагы Чаек – Арал – Миң-Куш жолунун 3-чакырымында (көзөмөл посту) болжол менен 300 куб метр кар көчкү түшүп, жолдун бир тарабын жаап калганын ӨКМ билдирди. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул жол да 16-февралдан тарта убактылуу жабылган.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 302-303-чакырымына түшкөн кар көчкү 17-февралда түнкү саат 12.30 чамасында толугу менен тазаланып бүткөнүн билдирди. Айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан өзгөчө кырдаал киргизилип, жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Жол тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (TAb)

XS
SM
MD
LG