Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун беш тилкесинде болжол менен 10 миң метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылганынан улам жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталганына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Кар көчкүнү тазалоо үчүн беш куткаруучу, министрликтин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун бир унаасы, бир грейдер, эки жүктөгүч, эки самосвал, Суу чарба ишканасынан бир жүктөгүч тартылган.

Мындан сырткары бул унаа жолдун 265 жана 314-чакырымында жол кайгуул кызматы нөөмөт уюштурду.

ӨКМ аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын кабарлады.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февраль күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Жол тайгак болуп, муз тоңот жана машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG