Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Украина менен Орусия согуш туткундарын алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украина менен Орусия туткундарды "101ге 101" деген формула менен алмашты.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жана Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак билдирди.

Ермактын айтымында, Орусия 100 аскерди жана Энергодардын мэринин орун басары Иван Самойдюкту, былтыр мартта уурдалган Мариуполдун 94 коргоочусун өткөрүп берди. Булардын арасында "Азовсталдын" 63 коргоочусу бар.

"Туткундан бошотулгандардын арасында Улуттук Гвардиянын жоокерлери, чек арачылар жана Куралдуу күчтөрдүн аскерлери бар. Каармандардын көбү ар кандай жараат алган", - деген Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, туткундан бошотулгандар Москвага учак менен жеткирилип, медициналык мекемелерде дарыланат.

Буга чейин эки өлкө туткундарды февралдын башында алмашкан. Анда 63 орусиялык, 116 украиналык үйүнө кайтып барышкан. Согуш башталган бир жылдан ашуун убактан бери Орусия туткунга алган 1863 украиналык бошотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG