Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Зеленский Орусия Түндүк Кореянын ракетасы менен сокку урганын айтты

Украина. 2026-жылдын 30-июлундагы кандуу чабуулдун кесепети.
Украина. 2026-жылдын 30-июлундагы кандуу чабуулдун кесепети.

Орусиянын 30-июлда Украинага каршы соккусунда, баштапкы маалыматка караганда, Түндүк Кореянын ракетасын колдонгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Днепропетров облусунун Радушное кыштагына жасалган чабуулдан бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрү кыйылган.

"Албетте, дагы экспертизалар болот, баары текшерилет, бирок азыркы маалымат боюнча бул түндүккореялык баллистика болду", - деди ал.

Зеленский союздаштарды Орусиянын бул соккусун айыптап гана эмес, Украинага аба чабуулдарынан коргонуу системалары жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды.

30-июлга караган түнү Орусия Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракета менен чабуул жасаган. Кривой Рог шаарынын четиндеги Радушное айылында көп балалуу үй-бүлө жашаган жеке үйгө баллистикалык ракета түшкөн. Каза тапкандар арасында алты жашар кыз жана 11, 17 жаштагы балдар бар.

2024-жылы Москва менен Пхеньян «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» жөнүндө келишим түзүшкөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG