Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Илхам Алиев Кыргызстанда. Өкмөт Азербайжандан мунай сатып алабы?

Азербайжан менен Кыргызстандын президенттери Илхам Алиев жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары, 2026-жылдын 30-июлу.
Азербайжан менен Кыргызстандын президенттери Илхам Алиев жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары, 2026-жылдын 30-июлу.

Чолпон-Атадагы 31-июлда башталып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу Украинадагы согуш күчөп, Орусияда мунай базаларына жасалган украиналык дрон чабуулдарынан улам аймактагы бир катар өлкөлөр бензин кризисине кириптер болгон учурга туш келди.

Кара май кризиси жаралган учур

Азыркы кырдаалдын кесепети Орусиядан мунай продукциясын импорттогон Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө тийип жатат. Бул өлкөлөрдө бензиндин, дизелдин тартыштыгы сезилип, баасы кескин өстү.

Орусиядан күйүүчү май алып келген Кыргызстандын бийлиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн бардык айла-амалды караштырып жатканын бир нече жолу билдирди.

Украинанын дрон соккуларынан улам Орусиянын ири мунай иштетүүчү жайларын жакынкы арада калыбына келтирүү кыйын болорун адистер эскертүүдө.

Мындай шартта расмий Бишкек өлкөдөгү кара май кризисин чечүү үчүн Казакстан, Беларус, Кытай баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүп жатканын шардана кылган.

Мындай өлкөлөрдүн катарында Азербайжандын SOCAR мамлекеттик мунай компаниясы да бар экенин кыргыз бийлигинин өкүлдөрү “Азаттыкка” билдирген эле.

Негизи мунай менен газга бай Азербайжан Кыргызстан үчүн кара май рыногунда атаандаштык түзүп, диверсификациялоодо маанилүү өлкө катары каралып келчү.

Күйүүчү-майлоочу майды Орусиядан башка жактардан дагы сатып алууну камсыздоо үчүн 2012-жылы Кыргызстан Азербайжан менен жылына 2 млн тонна мунайды кайра иштетүүчү биргелешкен завод курууну макулдашып, бирок кийин ал долбоор ишке ашпай калган. Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майга болгон жылдык муктаждыгы жабылса ашыкча иштетилген мунайзатын Ооганстан менен Тажикстан сыяктуу үчүнчү өлкөлөргө сатуу жагы макулдашылган.

Бул долбоорду Азербайжандын SOCAR компаниясы ишке ашырып, биргелешкен заводду куруу чыгымын өзүнө ала турган болгон. Бирок бул план ишке ашпай калганы менен өлкөдөгү адистер Кыргызстан мунай продукциясын сатып алуу жаатында Орусиядан башка диверсификациялоо жолдорун караштыруусу зарыл экенин айтып келет.

Күйүүчү май жаатындагы акыркы кырдаал мындай пландын актуалдуулугун дагы көрсөттү.

Ошондуктан азери лидери Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда жана Чолпон-Атадагы лидерлердин бейформал жолугушуусунда соңку кырдаал жана дал ушул мунай маселеси талкууланабы деген суроо кызыгуу жаратты.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусиядан бензиндин сунушу токтоп калганын билдирүүдө. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов компаниялар Казакстан, Кытай, Азербайжан, Беларус жана Европа мамлекеттеринен бензин издеп жатышканын "Азаттыкка" 31-июлда билдирди:

Канат Эшатов
Канат Эшатов

“(Азербайжан менен мунайды кайра иштетүүчү) завод куруу иштери сүйлөшүүлөрдүн деңгээлинде калып калган. Ал эми былтыр күзүндө Орусиядан сунуштар азайып, таңкыстык пайда болот, тартыштык болот деген коркунуч жаралганда Азербайжандан кандайдыр бир көлөмдөрдү сатып алганбыз. Азыркы күндө компаниялар Беларустан кайсы бир көлөмдү сатып алышты. Ал эми Азербайжанда сүйлөшүүлөр гана болуп жатат”.

"Жол картасын" иштеп чыгабыз"

Алиевдин мамлекеттик сапары алкагында ал 31-июлда кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушуп, алаканын актуалдуу маселелерин жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жетишилген документтердин ичинде эки мамлекеттин ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата "жол картасы", Энергетика министрликтеринин ортосунда мунай жана мунай продукциясын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум да бар.

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул документтер тууралуу "Азаттыкка" төмөнкүдөй комментарий берди:

Алтынбек Рысбеков
Алтынбек Рысбеков

"Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда мунай азыктары менен камсыздоо боюнча жакшы меморандумга кол коюлду. Ага чейин да эки мамлекет ортосунда министрликтер деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгон. Жакынкы арада ишке ашыруу үчүн “жол картасына” да кол коюлду. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Буюрса кийинки жумалардан тартып биз механизмдерин иштеп чыгууга өтөбүз. Ортодо түшүнүү бар. Мунай продукциясын бизге берүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ошону ишке ашыруу механизмдерин эми иштеп чыгабыз".

Орусиянын жаңы убадасы

Ал тапта 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол коюлганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, орус тарап менен азырынча баа боюнча бир чечим кабыл алына элек жана жакынкы күндөрү Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Орусияга барат деп күтүлүүдө.

Данияр Амангелдиев мындан тышкары Кыргызстанды бензин, солярка менен толук камсыздоо үчүн башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр токтотулбай турганын кошумчалады.

Орус бийлиги күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылууга салынган тыюуну 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы 20-июлдагы маалыматында орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Ушундан улам Кыргызстанда бензиндин, солярканын баасы көтөрүлүп, айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен солярка жок болуп жатат.Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе адатта анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Алиевдин мамлекеттик сапары, "Борбор Азия жана Азербайжан" саммити

30-июлда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган негизги иш-чаралар Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

Чолпон-Ата шаары, ошентип, бул күндөрү аймактык дипломатиянын борбору болууда. 31-июлда калаада Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлеринин жыйыны (C6 форматы) өткөнү турат.

Консультативдик жолугушуу форматында уюштурулуп жаткан жыйынга Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын башчылары Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов катышат.

Мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашары маалымдалды. Ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болору белгиленди.

2018-жылдан бери Борбор Азия башчылары гана катышып келген консультативдик кеңеш форматы соңку 3-4 жылдан бери өзгөрүүдө. Алгач 2023-жылы ардактуу конок катары катышкан азери президенти Илхам Алиевдин өлкөсү былтыр, 2025-жылы толук укуктуу мүчө макамына ээ болгон. Ошол жылдын ноябрында Ташкентте өткөн саммитте бул тууралуу «Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосунда бекем көпүрө курула баштаганы» жарыяланган.

Быйылкы саммит Борбор Азиянын ар бир өлкөсү өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп эсептеген Орусиянын Украинага каршы согушу жаңы нукка бурулуп, Жакынкы Чыгышта кырдаал туруксуз болуп, мунун баары жалпы аймактын коопсуздугуна коркунуч жаратып, экономикасына таасирин тийгизе баштаган шартта өтүүдө.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG